2018-жылдын январ-мартынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсынын өсүүсү белгиленүүдө

Басылмалардын датасы: 12.04.2018


Бүгүн, 12-апрелде Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-мартындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева маалымдагандай ушул жылдын январ-мартында, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 98 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырганда 1,3 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 88  миллиард сомго жакынды түзүп, 2,9 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-мартында 57 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 0,5 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай продукцияларынын көлөмдөрүнүн төмөндөшү, негизги металлдардын, тамак –аш продуктуларын өндүрүүнүн (суусундуктарды кошо), тамеки заттарын, унаа жана жабдыктардын, башка өндүрүштөрдүн төмөндөөсү менен шартталган. Мунун ичинде, өткөн жылдын январ-мартындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогору болушу, бул жылдын көлөмдөрүнүн кыскарышына таасирин тийгизген.

Муну менен бир катарда, текстил өндүрүшүндө, кийим-кече өндүрүүдө, резиналык жана пластмассалык буюмдарды, башка металл эмес минералдык продуктуларды, мунайзаттарды өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн жогорулоосу камсыздалган.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 2017-жылдын январ-мартына салыштырмалуу электрэнергия өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн эсебинен 8,6 пайызга өстү.

2018-жылдын январ-мартында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  1,1 пайызды түздү. Муну менен, жыл башынан бери, баалардын жана тарифтердин максималдуу өсүшү (3,2 пайызга) Нарын облусунда байкалган, ал эми Баткен облусунда, тескерисинче, 1,7 пайызга төмөндөөсү белгиленген.

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында, тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (0,6 пайызга) жогорулаган. Ушул эле мезгилде алардын Баткен облусунда 3,3 пайызга жана Ош шаарында 0,5 пайызга төмөндөөсү байкалган, ал эми эң көп жогорулаганы Нарын облусунда 3,3 пайызга белгиленген.

Март айында өткөн жылдын декабр айы менен салыштырмалуу, баалар жаңы бышкан жашылчаларга (11,2 пайызга), алмаларга (10,0 пайызга), кургатылган жемиштерге жана жаңгактарга (2,1 пайызга), тоңдурулган балыкка (1,9 пайызга), кой этине (1,7 пайызга)  жана күрүчкө (1,4 пайызга) көбүрөөк жогорулаган.  Муну менен бир катарда, ушул жылдын 1-кварталында, баалар гречкага 9,1 пайызга, жаңы балыкка 4,2 пайызга, сүткө 2,8 пайызга, жумурткага 1,9 пайызга, кумшекерге 1,8 пайызга, картофелге 1,8 пайызга, унга 1,2 пайызга, ошондой эле өсүмдүк жана ич майларына 0,7 пайызга төмөндөгөн.

Баалардын жана тарифтердин тамеки заттарына 14,6 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө  3,2 пайызга жана алкоголдук ичимдиктерге 2,4 пайызга өскөндүгү байкалган.

Ошол эле мезгилде, баалар азык-түлүктүк эмес товарларга жалпы республика боюнча 0,5 пайызга төмөндөгөн. Мунун ичинде, жыл башынан бери, баалардын газга 1,4 пайызга, автотранспортко 1,8 пайызга, кичи электротоварларга 2,2 пайызга, цементке 4,2 пайызга жана катуу отунга 7,5 пайызга төмөндөөсү байкалган. Ушул жылдын январ-мартында күйүүчү жана майлоочу материалдарга баалардын өсүүсү 3,0 пайызды түзгөн, анын ичинен, бензинге 2,5 пайызга жана дизелдик отунга 6,0 пайызга өскөн. Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында аймактар боюнча алганда, азык-түлүктүк эмес товарларга баалар Нарын облусунда 0,9 пайызга жана Ош облусунда 2,1 пайызга жогорулоосу белгиленген.

Өнөр-жай статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева 2018-жылдын I -кварталынын жыйынтыктары боюнча республиканын өнөр-жай тармагында байкалган негизги тенденциялар жөнүндө маалымат берди.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Елена Жукова 2017-жылы кичи жана орто ишканалардын ишмердигинин көрсөткүчтөрү  жөнүндө маалымат берди. Республиканын аймагында 11 миңден ашуун кичи жана орто ишканалар, 429 миңге жакын дыйкан (фермердик) чарбалар (айыл чарба ишмердиги менен алектенген, жеке ишкерлерди кошо), 390 миңге жакын индивидуалдык ишкерлер катталган. Кичи жана орто ишкердик тармагында 84 миңге жакын адам иштеген, же жалпы экономикада иштегендердин 4 пайызга жакынын түзгөн.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова 2017-жылдагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалымат берди. 2017-жылы катталган кылмыштардын саны 2013-жылга салыштырганда 2 пайызга жакын жогорулаган. Жалпы катталган кылмыштардын санынан, эң эле көбү - уурулуктарга, алдап кетүүлөргө, ээнбаштык, ошодой эле мыйзамсыз наркотик жүгүртүүлөргө туура келген. Кылмышкерлердин 47 пайызы 30-49 жаш курагында болушкан. Укук бузулаардын жалпы көлөмүндө аялдар 13 пайызды түзгөн.

Презентациялар:

 


Акыркы жаңылоо: 13.04.2018, 13:58