2017-жылдын январ-майынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 6,8 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 09.06.2017


Бүгүн, 9-июнда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январ-июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  басмасөз катчысы Борис Арабаев  маалымдагандай ушул жылдын январь-майында, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 153 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда  6,8 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 136  миллиард сомго жакынды түзүп, 2,9 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январ-майында 85 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу  34,7 пайызга жогорулады.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн жогорулоосу менен камсыздалды.

Электроэнергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 12,2 пайызга өстү.

2017-жылдын январ-майында мурунку айга салыштырмалуу  жалпы республика боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли  2,4 пайызды түздү. Муну менен, үстүбүздөгү жылдын майында мурунку айга салыштырмалуу баалардын жана тарифтердин өсүүсү республика боюнча 0,1 пайызды түздү.

Тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар (4,6 пайызга) жогорулаган, негизинен,  жашылчаларга (22,9 пайызга) өскөн. Муну менен бир катарда, январ-майда азык – түлүктүк эмес товарларга  0,6 пайызга  жана алкоголдук ичимдиктерге 3,9 пайызга баалар төмөндөгөн.

2017-жылдын январ-майында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (4,7 пайызга) өсүшү Ош шаарында байкалды. Ал эми алардын минималдуу өсүшү (1,6 пайызга) Бишкек шаарында байкалган.

Үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб 2016-жылда Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылык деңгээли жөнүндө  маалымат берди. Анын айтымында, 2016-жылы калктын жакырчылык деңгээли 25,4 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайыздык пункттарга төмөндөгөн.

Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова 2016-жылда Кыргыз Республикасында калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалымат берди. 2016-жылдын аягына социалдык коргоо органдарында учетто турган, мамлекеттик пособие алуучулардын саны 360,2 миң адамды түзгөн. Анын ичинде, балдары бар, азкамсыздалган үй бүлөлөр – 88,6 миң үй бүлө же 275,9 миң адам, пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекжөндөмсүз адамдарга берилүүчү пособие жана кошумча жардам алууга муктаждардын саны – 84,3 миң адам.

Презентациялар:

2016-жылда Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылык деңгээли жөнүндө;

2016-жылда Кыргыз Республикасында калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө.

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.06.2017, 08:42