2020-жылдын I кварталына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү дээрлик чейрекке төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 15.06.2021


2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 24,4 пайызга кыскарды жана 112,1 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн  төмөндөгөнү белгиленди,  резидент эместерден  алынган кредиттерден башка, алардын көлөмдөрү 3,3 эсеге көбөйдү.

Январь-мартта тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

148,3

112,1

100

100

Менчик капитал

3,3

0,8

2,2

0,7

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

123,4

51,0

83,2

45,5

Башка инвестициялар

21,6

60,3

14,6

53,8

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

17,5

58,4

11,8

52,1

соода кредиттери

2,1

1,9

1,4

1,7

башка кредитордук карыз

2,0

-

1,4

-

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (91 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу,  иштетүү өндүрүш ишканаларына, дүң жана чекене соодага, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 7,4 эсеге көбөйдү, пайдалуу кендерди казуу - 3,1 эсеге, дүң жана чекене соодага – 18,1 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта иштетүүчү өндүрүштук  ишканаларына инвестициялар  – 7,7 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 2,9 эсеге төмөндөдү. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 28,3 пайызга кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан 1 304,4 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Швейцариядан - 4,1 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Кошмо Штаттардан – 3,2 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу) жана Нидерланддан - 15,9 пайызга (финансылык ортомчулук жана камсыздандуу, маалымат жана байланыштын) төмөндөшүнүн эсебинен жүрдү. Муну менен катар, Кытайдан - 6,7 эсеге көбөйдү (геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу), Улуу Британиядан – 2,3 эсеге (гелологиялык чалгындоого), Түркиядан – 19,2 пайызга (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш ишканаларына) инвестициялар көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (47,4 пайызы), Түркияга (14,3 пайызы), Нидерландга (9,7 пайызы), жана Улуу Британияга (9,3 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 13,7 пайызга көбөйдү, бул алардын Россиядан 1,3 эсеге (электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен касыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода) жана  Казакстандан 8,0 пайызга (иштетүү өндүрүшкө, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2020-жылдын I кварталына салыштырмалуу Ош облусунун ишканаларына – 219,1 эсеге, Жалал-Абад облусуна – 7,6 эсеге, Чүй облусуна – 2,2 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта калган региондорго инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  жалпы көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына63 пайызга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 28 пайыздан ашыгы, ошондой эле Чүй облусунун ишканаларына - 7 пайыздан ашыгы туура келди.

2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16,0 пайызга көбөйдү жана 479,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 367,0 млн. долларга ашты. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын менчик капиталы 5,5 пайызга көбөйгөнү жана ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын – 2,5 эсеге (анын көлөмү ишкананын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан (чыгашасынан) жана төлөнгөн дивиденддерге жараша болот)  белгиленди.

Январь-мартта тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

413,2

479,1

100

100

Менчик капитал

11,4

12,0

2,7

2,5

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

160,6

407,0

38,9

85,0

Башка инвестициялар

241,2

60,1

58,4

12,5

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

159,0

58,1

38,5

12,1

соода кредиттери

82,2

2,0

19,9

0,4

башка кредитордук карыз

-

0,0

-

0,0

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (94 пайызга жакыны) иштетүү өндүрүшү, геологиялык чалгындоо жана  пайдалуу кендерди казуу ишканаларында байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 11,9 эсеге көбөйсө, ал эми геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө, тескерисинче, 6,5 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан – 4,5 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 29,8 пайызга көбөйдү, бул негизинен, алардын Канадага (99,1 эсеге) жана Кошмо Штаттарга  (1,6 эсеге) көбөйүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын Улуу Британияга чыгып кетүү агымы -  4,9 эсеге, Түркияга - 3,0 эсеге, Кытайга - 2,8 эсеге чыгып кетүү агымынын төмөндөдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Канадага (68,1 пайызы), Кытайга (19,6 пайызы) жана Түркияга (1,7 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 2,2 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Казакстанга (5,6 эсеге) жана Россияга (1,8 эсеге) чыгып кетүү агымынын төмөндөшүнүн эсебинен болду.

2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу Ысык-Көл облусунан жана Бишкек ш.  башка, бардык  региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Ысык-Көл облусунун ишканаларына69 пайызга жакыны, Чүй облусуна - 13 пайыздга жакыны, Бишкек шаарынын ишканаларына - 12 пайызга жакыны, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 7 пайызга жакыны туура келди.

__________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.06.2021, 11:32