2021-жылдын I кварталына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү 2,5 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 15.06.2022


2022-жылдын январь-мартында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,5 эсеге көбөйдү жана 278,0 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн  көбөйгөнү белгиленди.

Январь-мартта тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү*

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2021

2022

2021

2022

Бардыгы

112,1

278,0

100

100

Менчик капитал

0,8

24,9

0,7

9,0

Финансылык лизинг 

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

51,0

167,3

45,5

60,2

Башка инвестициялар

60,3

85,8

53,8

30,8

анын ичинде:

резидент эместерден алынган кредиттер

              58,4

                              59,6

                      52,1

                      21,4

соода кредиттери

1,9

26,2

1,7

9,4

башка кредитордук карыз

-

-

-

-

башка милдеттенмелер

-

0,0

-

0,0

*Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайызга жакыны) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу,  геологиялык чалгындоо ишканаларына, дүң жана чекене соодага, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү иштетүү өндүрүш  ишканаларына  – 12,9 эсеге көбөйдү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 5,8 эсеге, маалымат жана байланыш ишканаларына – 2,7 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 1,9 эсеге, дүң жана чекене соодага – 1,8 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта геологиялык чалгындоого инвестициялар – 3,6 эсеге төмөндөдү. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Канададан 485,0 эсеге (иштетүү өндүрүшү), Швейцариядан – 11,6 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, пайдалуу кендерди казуу), Нидерланддан – 2,2 эсеге (маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, иштетүү өндүрүшү), Улуу Британиядан – 2,0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу), Кытайдан – 1,4 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соодага), Түркиядан – 24,6 пайызга (иштетүү өндүрүш ишканаларына, дүң жана чекене соодага) көбөйүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (27,1 пайызы), Канадага (11,4 пайызы), Нидерландга (8,8 пайызы), Улуу Британияга (7,4 пайызы) жана Түркияга (7,2 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,1 эсеге көбөйдү, бул алардын Орусиядан 7,8 эсеге (иштетүү өндүрүшү, дүң жана чекене соода), Азербайжандан – 6,8 эсеге (дүң жана чекене соода, саламаттыкты сактоонун) жана  Казакстандан – 1,5 эсеге (финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене сооданын) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2021-жылдын I кварталына салыштырмалуу Жалал-Абад облусун кошпогондо, бардык региондордо көбөйдү.

Өткөн мезгилде келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  жалпы көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 32 пайызга жакыны, Чүй облусунун ишканаларына - 27 пайыздан ашыгы, Талас облусунун – 15 пайызы, Жалал-Абад облусунун ишканаларына14 пайыздан ашыгы, ошондой эле Ысык-Көл облусуна – 10 пайызга жакыны туура келди.

2022-жылдын январь-мартында 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,7 эсеге кыскарды жана 284 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдө чыгып кетүү агымынын менчик капиталы, ошондой эле кайра инвестицияланган пайданын азайышы белгиленди. Муну менен катар, соода кредитинин чыгып кетүү агымы жана резидент эместерден алынган кредиттердин көбөйүшү белгиленди (мурда алынган кредиттерди кайтаруу).

Январь-мартта тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2021

2022

2021

2022

Бардыгы

479,1

283,6

100

100

Менчик капитал

12,0

5,0

2,5

1,8

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

407,0

16,8

85,0

5,9

Башка инвестициялар

60,1

261,8

12,5

92,3

анын ичинде:

резидент эместерден алынган кредиттер

58,1

256,8

12,1

90,5

соода кредиттери

2,0

5,0

0,4

1,8

башка кредитордук карыз

0,0

-

0,0

-

башка милдеттенмелер

-

-

-

-

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (94 пайыздан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу ишканаларында, иштетүү өндүрүшү, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан   байкалды. Муну менен бирге, инвестициялардын чыгып кетүү агымы иштетүү өндүрүшүнөн 20,8 эсеге төмөндөсө,  ал эми пайдалуу кендерди казуу ишканаларында, тескерисинче, 17,5 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан   – 2,3 эсеге көбөйдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 1,6 эсеге кыскарды, бул негизинен, алардын Канадага (6 334,1 эсеге), Кытай (3,7 эсеге) жана Улуу Британия  (1,8 эсеге) азайышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициянын чыгып кетүү агымы Түркияга -  28,9 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Түркияга (82,6 пайызы) жана Кытайга (9,0 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 5,5 эсеге төмөндөдү, бул инвестициялардын Орусияга (11,8 эсеге эсеге) жана Казакстанга (4,3 пайызга) чыгып кетүү агымынын төмөндөшүнүн эсебинен болду.

2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу Жалал-Абад облусунан жана Ош облусунан  башка, бардык  региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөгөнү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 84 пайыздан ашыгы, Бишкек шаарынын ишканаларына - 10 пайызга жакыны, ошондой эле Чүй облусуна – 5 пайыздан ашыгы туура келди.

__________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.06.2022, 10:59