Республикада пневмония оорусуна чалдыгуулар өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 24 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 21.07.2021


Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам маалыматтары боюнча, жалпы республика боюнча пневмония оорусуна чалдыгуулардын 16 миңден ашык учуру катталды, бул өткөн жылдын  тиешелүү мезгилине салшытырмалуу  24,3% га көп.

Январь-июнда пневмония оорусуна чалдыгуулардын саны

 

 

Бардыгы - учурлар

                 Пайыз менен

2020

2021

Өткөн жылдын тиешелүү мезгили

 

жыйынтыкка

 

Кыргыз Республикасы

13 026

16 190

124,3

100

 Баткен облусу

1 811

1 353

74,7

8,4

 Жалал-Абад облусу

2 659

2 852

107,3

17,6

 Ысык-К¼л облусу

1 326

2 137

161,2

13,2

 Нарын облусу

706

1 203

170,4

7,4

 Ош облусу

2 193

2 451

111,8

15,1

 Талас облусу

781

624

79,9

3,9

 Ч³й облусу

2 020

3 285

162,6

20,3

 Бишкек ш.

1 188

1 875

157,8

11,6

 Ош ш.

342

410

119,9

2,5

 

 

 

 

 

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуулардын Нарын облусунда - 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөнү белгиленди. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3 пайызга жана Талас облусунда - 20,1 пайызга төмөндөдү.

Пневмония оорусуна чалдыгуулардын жалпы санындагы эң чоң үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келди.

 

 

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 21.07.2021, 11:55