2021-жылдын III кварталына карата “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 01.12.2021


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2021-жылдын III кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздоо деңгээлинин талдоосун камтыйт. Бюллетенде азык-түлүктүн болуусу, аны өндүрүү жөнүндө материалдар, азык-түлүктүн жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү, калктын адам башына карата азык-түлүктүн керектөөсү жөнүндө маалыматтар бириктирилген жана тутумдаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалары жөнүндө маалымат, 2021-жылдын январь-июнундагы 5 016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүктүк коопсуздук индикаторлору камтылган. Кененирээк «Басылма» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

________________________________________________________

Үй чарба статистикасы бөлүмү | Үй чарба статистикасы бөлүмү

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда   пайдалануучулар алардын булагына таянууга милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2021, 09:07