«2021-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы жөнүндө» статистикалык бюллетень басмага даярдалды

Басылмалардын датасы: 18.01.2022


Бюллетенде 2020-жылга салыштырмалуу өткөн жылда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү боюнча жыйналган аянты, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүнүн дүң түшүмү жана түшүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Көрсөткүчтөр жалпы республика боюнча, ошондой эле региондор, анын ичинде райондор боюнча да келтирилди.

Басылманы даярдоодо мамлекеттик статистика органдары айыл чарбасы, тандалма изилдөөлөр боюнча расмий статистикалык отчеттуулуктун формаларынын негизинде юридикалык жана жеке жактардан алынган маалыматтар колдонулду. Бюллетенди Улутстаткомдун http://www. stat.kg дареги боюнча расмий сайтынан табууга болот.
_________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43
, 32 46 21

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 19.01.2022, 09:03