"Кыргыз Республикасынын статистикалык жыйнагы” басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 02.02.2021


"Кыргыз Республикасынын 2015-2019-жж статистикалык жыйнагы" басууга даярдалды, ал  республиканын экономикалык жана социалдык абалында болуп жаткан кубулуштарды жана процесстерди чагылдырган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин бир жылдык толук басылмасы болуп саналат.

Мамлекеттик статистика органдары тарабынан каттоо өткөрүү, тандалма изилдөө жана статистикалык байкоонун башка формаларын жүргүзүү аркылуу ишканалардан, уюмдардан, калктан алынган маалыматтардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын материалдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ушул жыйнакты даярдады.

Жыйнакты даярдоодо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана башка министрликтердин жана ведомстволордун маалыматтары колдонулду.

Кыргыз Республикасынын негизги социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат жыйнакты ачат. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү» бөлүмүндө мамлекеттик бийлик органдарында, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлер жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Республиканын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрө жөнүндө маалымат чагылдырылды.

Калк, анын иш менен камсыздуулугу жана жашоо деңгээли тууралуу маалымат кеңири көрсөтүлдү. Атайын бөлүмдөр социалдык чөйрөнүн негизги тармактарына мүнөздөмө берүү үчүн арналды.

Жыйнакта келтирилген улуттук эсеп системасынын көрсөткүчтөрү кыргыз экономикасынын макроэкономикалык кырдаалдарын мүнөздөйт. Бөлүмдөрдүн бири чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жалпы мүнөздөмөсүн, чакан ишкерчилик жөнүндө, чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги тууралуу маалыматтарды камтыйт.

Жыйнакта экономикалык ишмердиктин айрым түрлөрүнүн - өнөр жай, айыл чарба, соода, транспорт, телекоммуникациялык ишмердик жана башка тармактардын абалын мүнөздөгөн көрсөткүчтөргө маанилүү орун бөлүндү. Ишканалардын финансылык жагдайы, инвестициялар, баалар жана тарифтер жөнүндө маалыматтар берилди.

Тышкы сооданын көлөмү, экспорттун жана импорттун түзүлүшү жөнүндө маалыматтар тышкы экономикалык ишмердик жөнүндө бөлүмдө чагылдырылды.

Кыргыз Республикасынын чөлкөмдөрүнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө билдирүүлөр өзүнчө бөлүм болуп берилди.

Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жана социалдык чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн айрым маселелери боюнча толук маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун башка расмий статистикалык басылмаларында жарыяланды, алардын тизмеси ушул жыйнактын аягында көрсөтүлдү.


Акыркы жаңылоо: 03.02.2021, 10:55