Улутстатком Бишкек шаарында жана пилоттук жаңы конуштарда 2018-жылы өткөрүлгөн виктимологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча отчет даярдады

Басылмалардын датасы: 22.10.2019


2018-жылдын ноябрынан декабрь айына чейин Кыргыз Республикасындагы БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Программалык кеңсесинин  колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан виктимологиялык изилдөө өткөрүлдү. Изилдөө атайын иштелип чыккан анкеталарды колдонуу менен Бишкек шаарында жана пилоттук жаңы конуштарда жашаган жарандарды жекече сурамжылоонун негизинде жүргүзүлгөн. Талаа иштери Бишкек шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыгы тарабынан аткарылган.

Изилдөөнүн максаты - кылмыштуулуктун, анын ичинде  гендердик зомбулуктун көрсөткүчтөрүнүн деңгээлине жана мүнөзүнө, ошондой эле коомчулуктун коопсуздугуна жана алардын укук коргоо органдарына болгон ишениминин деңгээлине карата Бишкек шаарынын жана 10 пилоттук жаңы конуштардын тургундарынын кабыл алуусуна байланышкан  маалыматтарды чогултуу болуп саналат.   

________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү.  |e-mail: j.rahmanova@stat.kg;       |тел. + 996 (312) 32 46 52   

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 25.10.2019, 11:59