“Кыргыз Республикасынын ишканаларынын финансысы - 2015-2019” статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 30.09.2020


Басылма 2015-2019-жылдардагы экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишмердигинин финансылык көрсөткүчтөрүнүн талдоосун камтыйт. Жыйнактын бөлүмдөрү экономиканын секторлоруна: реалдуу сектордун, финансылык сектордун ишканасына жана үй чарбасын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарга ылайык жайгаштырылган. Тиркемелерде экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактар боюнча жылдык динамика менен статистикалык таблиицалар келтирилген.

 

Басылмада экономиканын ишканаларынын жана тармактарынын, финансылык-кредиттик тутумунун финансылык абалын, камсыздандыруу компанияларынын жана инвестициялык фонддордун ишмердигин мүнөздөгөн статистикалык маалыматтарга кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр келтирилди.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз.

__________________________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү       |        e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |      тел. + 996 (312) 626073

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.09.2020, 14:33