Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү менен Улутстаткомдун ортосунда өз ара мамилелер жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Басылмалардын датасы: 31.03.2017


«2018-жылы көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик байкоо» долбоорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлдүгүнүн арасында меморандумга кол коюлду.

Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик байкоо ЮНИСЕФ тарабынан 1990-жылдарда иштелип чыккан жана дүйнөлүк деңгээлде аялдардын жана балдардын абалы тууралу маалыматтарды салыштырууга мүмкүнчүлүк түзгөн эң чоң булагы болуп калды.  Бүгүнкү күндө аялдардын жана балдардын жыргалчылыгын өстүрүү боюнча коюлган максаттарды жүзөгө ашыруунун мониторигинин таанылган инструменти болп эсептелет.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын улуттук статистика комитетти тарабынан облустук, Бишкек жана Ош щаардык статистика башкармалыктары менен биргеликте   көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик байкоо жүргүзүүнүн глобалдуу программасынын бир бөлүгү катары изилдөөлөр жүргүзүлөт. Изилдөөнүн негизинде туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүнү чагылдырган урунттуу көрсөткүчтөрү эсептелип,  аялдардын жана балдардын абалы тууралу жаңыртылган маалыматтар, иштелип жаткан стратегияларды жана пландардын аткарылышын,  өлкөнүн өнүгүшүн камсыздоочу программалардын көрсөткүчтөрү чагылдырылат.

Байкоо БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ), ЮНФПА жана башка донорлордун каржылык жана техикалык колдоосу  менен жүргүзүлөт.

 


Акыркы жаңылоо: 31.03.2017, 12:19