2018-жылда жана үй-чарбасынын бюджетинин интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыгы чыгарылды (жумушсуз калк)

Басылмалардын датасы: 20.06.2019


2018 - жылы үй-чарбасынын бюджетинин жана жумушчу күчүнүн интеграцияланган тандалма изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 15 жаш жана андан уулу жаштагы жумушсуздардын  саны 156 миң адамды түздү, ал эми жумушсуздуктун деңгээли – 6,2 пайызды түздү. Жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен (9,0 пайыз), Нарын (8,8 пайыз), Ысык-Көл (8,4 пайыз), Чүй (7,3 пайыз) облустарында жана Бишкек шаарында (6,6 пайыз) байкалат. Калган облустарда жумушсуздуктун деңгээли жалпы республика боюнчадагыдан да төмөн. Мында жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Талас облусунда экономикалык активдүү калктын 2,5 пайызын жана Ош шаарында 3,0 пайызын түзгөнү белгиленген.

 

    Аймактар боюнча 15 жаш жана андан уулу жаштагы жумушсуз калк

 

Жумушсуз калк,

миң адам

Жумушсуздуктун деңгээли,

пайыз менен

Кыргыз Республикасы

156,3

6,2

Баткен облусу

17,7

9,0

Жалал-Абад облусу

23,9

6,2

Ысык-Көл облусу

14,9

8,4

Нарын облусу

8,7

8,8

Ош облусу

24,6

4,2

Талас облусу

2,8

2,5

Чій облусу

27,5

7,3

Бишкек ш.

32,9

6,6

Ош ш.

3,2

3,0

 

_______________________________________________________________________

Эмгек жана иш менен

камсыз кылуу

статистикасы бөлүмү       |e-mail:jailobaeva@stat.kg;  тел. + 996 (312)  62 60 76

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.06.2019, 09:39