Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин санын эсебин алуу жыйынтыкталды

Басылмалардын датасы: 21.04.2017


2017-жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматкерлердин саны (коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин санын кошпогондо) 17,7 миң адамды түздү жана алардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2 пайызга төмөндөдү. Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын 40 пайызынан ашыгын аялдар түзөт. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштегендердин саны 10 миң адамды түздү, алардын үчтөн биринен ашыгы аялдарга туура келет.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгы

 e-mail: jailobaeva@stat.kg;                          тел. + 996 (312) 626076

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 21.04.2017, 16:20