Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялар 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу үчтөн бир бөлүккө кыскарды

Басылмалардын датасы: 10.12.2020


2020-жылдын январь-сентябрында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды жана 398,4 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын  9 айына салыштырмалуу, башка кредитордук карыздардан башка, бардык түзүүчүлөрдө төмөндөгөнү белгиленди.

Январь-сентябрда тике чет өлкөлүк  инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

576,8

398,4

100

100

Менчик капитал

22,0

12,3

3,8

3,1

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

269,1

238,6

46,7

59,9

Башка инвестициялар

285,7

147,5

49,5

37,0

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

249,0

129,3

43,2

32,4

соода кредиттери

36,6

15,8

6,3

4,0

башка кредитордук карыз

0,1

2,4

0,0

0,6

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде.

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (90 пайызы) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле, маалымат жана байланышка  багытталган. Муну менен бирге, инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого 3,5 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 21,3 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 8,9 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 9,5 пайызга, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 3,7 пайызга төмөндөгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,5 эсеге кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан 24,5 пайызга (иштетүү өндүрүшү), Улуу Британиядан 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо), Кытайдан 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо) төмөндөшунүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялар Швейцариядан 4,0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Кореядан - 2,1 эсеге (курулуш) жана Түркиядан  8,7 пайызга (курулуш) көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 28,5 пайызы), Канадага (21,7 пайызы), Нидерландга (11,9 пайызы), Швейцарияга (7,1 пайызы), Түркияга (6,9 пайызы) жана Улуу Британияга (5,8 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге, бул Россиядан келген инвестициялардын 2,5 эсеге (электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)) жана Өзбекстан – 1,8 эсеге (дүң жана чекене соода) кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялар Казакстандан келген инвестициялардын 9,0 пайызга (пайдалуу кендерди казуу) жана Азербайжандан – 1,8 эсеге (дүң жана чекене соода) көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына  салыштырмалуу Талас облусунун ишканаларына – 713,2 эсеге, Ош облусунун – 8,1 эсеге, Ош шаарынын – 2,4 эсеге, Чуй облусунун – 1,3 эсеге жана Баткен облусунун ишканаларына – 16,0 пайызга көбөйдү, ал эми ушул эле убакта калган облустарга инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын  көлөмүндө эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына – 32 пайызы, Чүй облусунун – 23 пайызга жакыны, Ысык-Көл облусунун – 21 пайызы,  ошондой эле Жалал-Абад облусунун  ишканаларына – 16 пайыздан ашыгы туура келди.

2020-жылдын январь-сентябрында 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк  инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,4 эсеге көбөйдү жана 719,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 320,7 млн. долларга ашты. 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу менчик капиталдан жана соода кредиттеринен башка, бардык түзүүчүлөрдө инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйгөнү белгиленди.

Январь-сентябрда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2019

2020

2019

2020

Бардыгы

513,5

719,1

100

100

Менчик капитал

33,4

16,1

6,5

2,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

96,6

310,6

18,8

43,2

Башка инвестициялар

383,5

392,4

74,7

54,6

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

280,4

303,6

54,6

42,2

соода кредиттери

102,5

88,8

20,0

12,4

башка кредитордук карыз

0,6

0,0

0,1

0,0

2020-жылдын январь-сентябрында инвестициялардын чыгып кетүү агымы айыл чарбасынан, электр энергия, газ, жана буу менен камсыздоодон (жабдуу), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруудан, ошондой эле башка тейлөө ишмердигинен башка, ишмердиктин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда көбөйгөнү байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйдү, бул негизинен, алардын Швейцарияга (85,5 эсеге), Кореяга (18,9 эсеге), Улуу Британияга (3,0 эсеге), Германияга (2,7 эсеге), Түркияга (1,6 эсеге), Канадага (1,6 эсеге) жана Кытайга (1,2 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү  агымы 11,1 пайызга көбөйдү, бул инвестициялардын Россияга (2,2 эсеге) чыгып кетүү агымынын көбөйүшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялардын Казакстанга (2,2 эсеге) чыгып кетүү агымы төмөндөдү.  

2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Нарын жана Чүй облустарынан башка, бардык  региондордо тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйүшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.12.2020, 08:53