2019-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

Басылмалардын датасы: 05.03.2020


Алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,9 пайызга көбөйдү жана 876,2 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 210,8 млн.долларга (2018-жылы – 144,2 млн. долларга) ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылга салыштырмалуу кайра инвестицияланган пайда көлөмдөрүнүн көбөйгөнү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү1

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

851,7

876,2

100

100

Менчик капитал

104,3

30,9

12,2

3,5

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестициялангандан түшкөн пайда

207,3

412,6

24,4

47,1

Башка инвестициялар

540,1

432,7

63,4

49,4

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

343,0

283,1

40,3

32,3

соода кредиттери

195,8

149,5

23,0

17,1

башка кредитордук карыз

1,3

0,1

0,1

0,0

  1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (87 пайыздан көбү) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 2,7 эсеге, геологиялык чалгындоого – 1,8 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 14,6 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта инвестициялар иштетүү өндүрүш ишканаларына – 1,7 эсеге,  пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 16,5 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү  2018-жылга салыштырмалуу 15,5 пайызга көбөйдү, бул негизинен алардын Швейцариядан (5,3 эсеге), Кипрден (5,0 эсеге), Улуу Британиядан (2,6 эсеге), Канададан (17,2 пайызга) жана Нидерланддан (9,3 пайызга) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 34,3 пайызы), Канадага (13,2  пайызы), Швейцарияга (11,8 пайызга), Түркияга (8,6 пайызы), Улуу Британияга (8,3 пайызы) жана Нидерландыга (7,2 пайызы)  туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге кыскарды, бул Россиядан 3,7 эсеге жана Өзбекстандан 13,1 эсеге инвестициялардын азайышынын эсебинен болду. Муну менен катар, Казакстандан инвестициялар 1,3 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу Ош шаарында – 7,3 эсеге, Жалал-Абад облусунда – 1,8 эсеге, Баткен облусунда – 1,4 эсеге, Ысык-Көл облусунда – 1,3 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта калган облустарда жана Бишкек шаарында инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Өткөн жылы келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң  чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 40 пайызга жакыны, Жалал-Абад облусуна - 26 пайыздан көбүрөөгү, Чүй облусуна – 20 пайызга жакыны, ошондой эле Ысык-Көл облусуна – 13 пайыздан көбүрөөгү туура келди.

2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 5,9 пайызга төмөндөдү жана 665,4 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө 2018-жылга салыштырмалуу соода кредиттеринен сырткары бардык түзүүчүлөрдүн чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Бардыгы

707,5

665,4

100

100

Менчик капитал

69,3

38,8

9,8

5,8

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестициялангандан пайда

156,1

73,1

22,1

11,0

Башка инвестициялар

482,1

553,5

68,1

83,2

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

343,9

332,3

48,6

49,9

соода кредиттери

135,6

220,6

19,1

33,2

башка кредитордук карыз

2,6

0,6

0,4

0,1

 

2019-жылдагы инвестициялардын чыгып кеткен агымынын төмөндөшү электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу) казуу ишканаларынан – 3,1 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларынан – 2,8 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларынан – 1,9 эсеге,  дүң жана чекене соода ишканаларына – 28,7 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнөн – 19,8 пайызга төмөндөгөнү байкалды.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылга  салыштырмалуу 14,7 пайызга өстү,  бул негизинен Кипр (1,9 эсеге), Кытай (1,5 эсеге), Нидерланды (1,5 эсеге) жана Түркия (2,4 пайызга) алардын көбөйүшүнүн эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы, тескерисинче, 2,5 эсеге азайды, бул инвестициялардын Россияга (4,5 эсеге) жана Казакстанга (26,9 пайызга) чыгып кетүү агымынын азайышынын эсебинен болду.

2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу Баткен, Нарын, Талас  жана Чүй облустарынан башка, бардык облустарда тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

 

____________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.03.2020, 10:55