Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу өнүгүүнүн Максаттарына жетишүүнүн ыктыярдуу серебин даярдоого кошкон салымы үчүн Улутстаткомга ыраазычылык билдирди

Басылмалардын датасы: 10.08.2020


Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Вице-Премьери Э.Ш Асрандиевдин. атынан Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү Максаттарына жетишүүнүн ыктыярдуу серебин даярдоодо жана талкуулоодо кошкон жигердүү салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине ыраазычылык билдирди.

Аталган сереп 2020-жылдын 16-июлунда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда онлайн тартибинде тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  Күн тартиби 2030 ишке ашыруунун жана ТӨМдүн Улуттук ыктыярдуу серебин даярдоонун алкагында, ТӨМгө жетишүү үчүн натыйжалуу мониторинг жана отчеттуулук тутумун түзүү боюнча жооптуу орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу серебине шилтеме https://sustainabledevelopment.un.org/memberstates/kyrgyzstan


Акыркы жаңылоо: 10.08.2020, 14:57