Кыргызстандын өкүлдөрү Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) иштетүү боюнча глобалдык кызматташтыктын Эл аралык Форумуна катышышты

Басылмалардын датасы: 30.06.2021


2021-жылдын 23-24-июнунда Өзбекстан Республикасынын Бухара шаарында ТӨМгө жетишүүдө жана адам укуктарын камсыздоодо парламенттердин ролун жогорулатуу жөнүндө БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында мамлекет башчысынын демилгесинин алкагында өтүүчү Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) иштетүү боюнча глобалдык парламенттер аралык кызматташтыктын Эл аралык Форуму болуп өттү.

Форумдун биринчи күнүндө өлкөлөрдүн улуттук өнүгүү стратегияларынын контекстинде Туруктуу өнүгүү максаттарын натыйжалуу иштетүүнү камсыз кылууда өлкөлөрдүн Парламентинин ролу, ТӨМгө жетишүүгө, тагыраак айтканда, статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүүгө жана  иш-чараларды каржылоого тийиштүү негизги маселелер жөнүндө маселелер каралды жана маалымат берилди.

Ушул маселелерди талкуулоодо Польша, Түштүк Корея, Латвия, Түркия, Япония, Улуу Британия, Кытай, Азербайжан, Монголия жана биздин өлкөнүн өкүлдөрү катышышты.

Кыргызстанды онлайн форматында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Вице-спикери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңештин төрагасы Касымалиева Аида Камчыбековна жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын башчысы Керималиева Назира Керималиевна көрсөтүштү.

А.К. Касымалиева өз сөзүндө 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүү жаатында БУУнун Күн тартибин ишке ашырууга карата Кыргызстандын жолу жөнүндө форумдун катышуучуларына маалымат берди. Ал "Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн Улуттук стратегияларына жана программаларына киргизилген жана чагылдырылган, алардын негизине адамга концентрацияланып багытталган ыкма коюлган" – деп баса белгилеп өттү. Ошондой эле, А.К. Касымалиева так статистикалык маалыматтын болушу, бул республикада жана анын региондорунда болуп жаткан социалдык-экономикалык жана экологиялык тенденцияларды терең талдоо жүргүзүүгө, улуттук артыкчылыктарга жана ТӨМгө жетишүү үчүн негизги багыттарды табууга жана негизделген стратегиялык чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет деп белгиледи. Ал өнүгүүнүн бардык секторлорунда аялдардын укуктарын камсыз кылуу жана гендердик зомбулуктун алдын алуу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшө турган гендердик-бөлүнүштөгү статистикага өзгөчө маани берилет.

Керималиева Назира Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү үчүн мониторинг жана отчеттуулук системасын түзүүдө жана Кыргыз Республикасында Күн тартиби 2030да Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн жүрүшү жөнүндө Улуттук ыктыярдуу отчетту даярдоо процесси жөнүндө Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы менен бөлүштү.

Форумдун экинчи күнү парламенттик контроль, ТӨМдү иштетүүнүн жүрүшүнө мониторинг жана баалоо жүргүзүү, туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында дүйнөлүк парламенттердин ортосундагы глобалдык кызматташууга жана эл аралык диалогго жетишүү жана орнотуу үчүн коомдук жарандык институттардын жана коомчулуктун катышуусу боюнча маселелерге арналды.

Иш-чара дүйнө өлкөлөрүнүн парламенттеринин глобалдык өз ара аракеттенүүсү үчүн сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү биргелешип аныктоо менен аяктады.

___________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
статистикасы башкармалыгы |e-mail: kerimalieva20@gmail.com;   |тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 01.07.2021, 09:45