Кыргыз Республикасындагы Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү каттоочуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылат

Басылмалардын датасы: 21.01.2021


Мурда белгиленгендей, Кыргыз Республикасында, ошондой эле бардык мамлекеттерде, каттоону өткөрүүгө карата чоң даярдык иштери өткөрүлгөн. Анын натыйжасында, 2020-жылдын башталышына карата каттоону 2020-жылы өткөрө турган өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтары аны аяктоо менен “түз финишке” чыгышты. Бирок, COVID-19 жайылышы жана КМШ катышуучу-мамлекеттеринин көпчүлүгүнө карантиндик чаралардын киргизилиши, каттоо кампанияларын өткөрүүдө олуттуу түзөтүүлөрдү киргизишти, ал эми эң биринчи кезекте, өткөрүү мөөнөттөрүн өзгөртүштү.

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүнүн жүрүшүндө иш-аракеттердин алгоритми жөнүндө биргелешкен буйругун даярдады.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Германия Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Калк жайгашуу жаатында БУУ Фонду (ЮНФПА) коронавирус инфекциясынын шарттарында Кыргыз Республикасында алдыда өткөрүлө турган эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө иш-аракеттердин алгоритминде каралган эрежелерге ылайык, убактылуу каттоо персоналы үчүн жеке коргонуу каражаттарын (беш катмарлуу KN95 респираторлор, чөнтөк антисептиктер, контактсыз термометрлер, калкандар) сатып алды.

Кыргыз Республикасындагы Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын кеңсеси (БУУ ЖКБК) калк, анын ичинде жарандыгы жок адамдар жана жарандыксыз калуу тобокелдиги бар жактар жөнүндө сапаттуу жана толук маалымат алууда Кыргыз Республикасын колдоо максатында каттоочулар үчүн 113,886 беш катмарлуу KN95 респираторлорун сатып алды.

Эске салсак, 2020-жылы калкты дүйнөлүк каттоонун кезектеги раунду жөнүндө БУУнун резолюциясына ылайык, ал 2016-жылдын 16-сентябрында Бишкекте өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде 2019-жылдын октябрынан 2020-жылдын октябрына чейин башка катышуучу-мамлекеттерде мүмкүн болушунча эртерээк мөөнөттө "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринде 2020-жылдын раундунда эл каттоону өткөрүү жөнүндө" чечими кабыл алынган.  

Эл каттоо Россия Федерациясынын финансылык колдоосу, ошондой эле Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу астында Калк жайгашуусу жаатында БУУ Фонду тарабынан ишке ашырыла турган КЫРГЫЗСТАТ долбоорун кошумча каржылоосу менен жүргүзүлө турганын белгилей кетүүгө болот.


Акыркы жаңылоо: 22.01.2021, 10:18