ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 12.01.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасы Б.Ж. Кудайбергенов 2022-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет.

 

Өтө турган убактысы: 2023-жылдын 13-январы, башталышы саат 10:00.

Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374,                     пресс-борбор (1-кабат).

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(559) 79-53-54, Тукашева Айзада.

e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 12.01.2023, 17:52