ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 13.01.2022


Ай сайын, айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты, республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу: мамлекеттик органдар, жалпы маалыматтык каражаттар, изилдөөчүлөр, коомдук уюмдар жана башка колдонуучулар тарабынан колдонула турган расмий статистикалык маалыматтар менен тааныштыруу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү жөнүндө маалыматтар жана республиканын жана анын аймактарынын өнөр жай өндүрүшү, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт. Мындан тышкары, 2021 -жылдын 12 айына керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүшү,  боюнча маалымат берилет.

 

Өткөрүү убактысы: 2022-жылдын 14-январы , саат 10.00дө башталат.

Өткөрүлүүчү жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374, Пресс-центр (1 кабат).

Баяндамачылар:

  • Шокенов Б.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары
  • Нурбаева А.Т. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Калымбетова Ы.И. - заведующая отделом статистики домашних хозяйств;
  • Чыныбаева Р.К. - заведующая отделом статистических переписей.

Мындан тышкары, журналисттер Улуттук статистика комитетинин тиешелүү тармактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан статистикалык маалыматтарды же аларды кызыктырган маселелер боюнча консультацияларды ала алышат.

Интервью (зарыл болсо, көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн, жыйынтыктоо иштери, коммуникациялар жана статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнө кайрылыңыз: тел.625662, 625559 e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарыл болсо, көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыз.

________________________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.01.2022, 11:07