ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь-февралдагы Кыргыз Ресупбликасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.03.2021


2021-жылдын 11-мартында саат 11.00 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде ай сайын өтүүчү 2021-жылдын январь-февраль айларвындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган маалымат-жыйын уюштурулат.  Иш-чара Улутстаткомдун Facebookтагы расмий баракчасында түз эфирде чагылдырылат (шилтеме http://www.facebook.com/statcom.kg).

Маалымат-жыйында каралган темалар:

  • 2021-жылдын январь-февралдагы Кыргыз Ресупбликасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары;
  • 2020-жылы Кыргыз Ресупбликасындагы айыл чарба өндүрүшүнүн жыйынтыктары тууралуу;
  • 2020-жылы түзүлгөн жана жоюлган иш орундары тууралуу.

 

Онлайн маалымат-жыйында журналисттер кызыктырган суроолорду  Улутстаткомдун адистеринин дарегине узата алат.

 

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 10.03.2021, 09:05