ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын июнь айына карата республиканын социалдык-экономикалык абалы

Басылмалардын датасы: 10.06.2021


Ар бир айдын биринчи декадасында Улуттук статистика комитети республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомчулукту кабардар кылып туруу максатында, пресс-конференция өткөрүп турат. Анда мамлекеттик башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары, изилдөөчүлөр жана коомдук уюмдар жана башкалар пайдалана турган расмий статистикалык маалыматтар тааныштырылат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү жөнүндө маалыматтар жана республиканын жана анын аймактарынын өнөр жай өндүрүшү, ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери жана үчүнчү өлкөлөр менен экспорттук-импорттук операциялар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөт.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук статкомдун кызматкерлери эки багыттагы темалар менен бөлүшүшөт:

  1. Кыргыз Республикасынын 2020-2021 жылдын июнь айына карата Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмү  орточо айлык маянана тууралуу баяндайт.
  2. Кыргыз Республикасынын 2020-жылга карата социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү туурасында Социалдык статистика бөлүмү баяндайт.

 

Иш-чара Улутстаткомдун Facebook расмий баракчасы аркылуу (http://www.facebook.com/statcom.kg) түз эфирде көрсөтүлөт.

Өтө турган убактысы: 2021-жылдын 11-июнунда Саат 10-00.

Өтө турган жери:: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374.

Сүйлөй тургандар:            

  • Ч. Турдубаева, Улуттук статкомдун  Жыйынтыктоо иштери жана коммуникациялык статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы.
  • Г. Джайлобаева, Улуттук статкомдун Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмүнүн башчысы;
  • Ж. Рахманова, Улуттук статкомдун Социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы;

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улуттук статкомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчыларынан маалымат же кеңеш ала алышат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Ильич Кулназаровго кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg

                                                                                                     *****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз:

www.stat.kg|

Нацстатком на Фейсбуке

тел.625747 |

 

 

             

 


Акыркы жаңылоо: 10.06.2021, 15:59