ПРЕСС-АНОНС: 2021-жылдын январь айына карата республиканын социалдык-экономикалык абалы

Басылмалардын датасы: 09.02.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ушул жылдын 10-февралында журналисттердин катышуусу менен маалымат-жыйын өткөрүлө турганын маалымдайт.  Мындан тышкары иш чара Улутстаткомдун Facebook баракчасынан түз эфирде көрсөтүлөт (http://www.facebook.com/statcom.kg).

Басма сөз жыйынында Улутстаткомдун кызматкерлери 2021-жылдын январь айына карата республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө, 2020-жылга карата тышкы жана өз ара сооданын көлөмү, 2020-жылга карата мал жана үй канаттууларды эсептөөнүн жыйынытыгы, ошондой эле калктын ишеним индекси тууралуу маалымат беришет.

Убактысы: 2021-жыл, 10-февраль, башталышы саат 11.00

Жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374.

Сүйлөй тургандар:            

  • Өмүралиев Ы.С., улуттук эсептер жана экономикалык теңдемдер бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Мамоева А.Д., тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Арынов А.А., айыл чарба статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Калымбетова Ы.И., үй чарба статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси.   

Мындан тышкары журналисттер кызыккан суроолору боюнча Улутстаткомдун тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен маалымат же кеңеш сурай алат.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысы Асель Акматалиевага кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 09.02.2021, 15:29