ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасындагы Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү эл каттоочуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздашат

Басылмалардын датасы: 19.01.2021


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнөн эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү үчүн жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берүү аземине арналган пресс-конференция үстүбүздөгү жылдын 21-январында Улутстаткомдун пресс-борборунда өтө турганы тууралуу маалымдайт. Мындан тышкары, иш-чара онлайн режиминде (http://www.facebook.com/statcom.kg) Улутстаткомдун Facebookтагы расмий баракчасы аркылуу түз көрсөтүлөт.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин чечими менен аны өткөрүү болжол менен 2021-жылга жылдырылган эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүшөт.

 

Өткөрүлө турган убактысы: 2021-жылдын 21-январы, башталышы саат 10.00.

Өткөрүлө турган жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 374.

Чыгып сүйлөөчүлөр:            

  • Акылбек Шакирович Султанов – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы
  • Джулия Валесса -  Казахстанда ЮНФПАнын өкүлү жана Кыргызстанда,  Түркмөнстанда ЮНФПАнын директору;
  • Ханс Фридрих Шоддер – Борбор Азия боюнча БУУ УВКБ өкүлчүлүгүнүн башчысы.  

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыздайт. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 21.01.2021, 08:44