Улутстаткомдун алдында Статистикалык изилдөөлөрдүн жана квалификацияны жогорулатуунун институту түзүлөт

Басылмалардын датасы: 22.10.2018


Өткөн жума күнү, 2018-жылдын 18-октябрында, премьер-министр Мухамммедкалый Абылгазиеы №484- жана №485- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна кол койду, аларга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин мекемелеринин ишмердигин оптимизациялоо жана статистикалык маалыматтарды топтоону ыңгайлаштыруу, талдоо жүргүзүү жана статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатуу максатында, Улутстаткомдун Ресурстук-методикалык борбору, Статистикалык изилдөөлөрдүн жана квалификацияны жогорулатуунун институту болуп түзүлөт. Аталган институттун штаттык курамы жана кызматкерлердин айлык акылары аныкталып, коюлду.

Азыркы учурда Улутстатком жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун токтомдоруна өзүнүн чечимдерин ылайык келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

 


Акыркы жаңылоо: 22.10.2018, 13:15