2020-жылдын ноябрына карата эмгек акынын өлчөмү боюнча кызматкерлердин санына бөлүштүрүү жүргүзүлдү

Басылмалардын датасы: 02.02.2021


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2020-жылдын ноябрь айында эсептелген эмгек акынын өлчөмү боюнча толугу менен иштеген ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин санын жылдык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетүүчү нерсе, жумушчулардын эмгек акысынын өлчөмү   боюнча дифференциясын мүнөздөгөн маалыматты алуу үчүн Улутстатком тарабынан  жылына бир жолу ири жана орто ишканалар, ошондой эле республиканын бардык экономикалык түрүндөгү жана бардык менчик формаларындагы уюумдар иликтенет. Ошол эле учурда, кызматкерлердин санын эмгек акы боюнча бөлүштүрүү минималдуу эмгек акыны колдонуу менен жүргүзүлөт (2020-жылы – 1 854 сом).

 2020-жылдын ноябрындагы иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 50 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 10,6% эмгек акыны 5 562 сомго чейинки көлөмдө алышкан.

Жумушчулардын  эң чоң үлүшү (142 миңден ашык адам же 30,5%) 5 563 сомдон 11 124 сомго чейинки көлөмдө эмгек акы алышкан

11 125 сомдон 18 540 сомго чейинки эмгек акыны 130 миң адам алган, же 27,9%, ал эми 135 миңге жакын адам (28,9%) 18 541 сомдон 55 620 сомго чейин эмгек акы алышкан.

Ошол эле убакта, 10 миңге жакын адам же жумушчулардын жалпы санынын 2,1%, 55 621 сом жана андан жогору эмгек акы алышкан.

  

 

___________________________________________________________________________________________________

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү   | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 02.02.2021, 14:06