Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун сурамжылоо жыйнактары боюнча мобилдик тиркемеге кошумча тестирлөө жүргүзүлдү

Басылмалардын датасы: 23.07.2019


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2020-жылы өтөрүлүүчү эл каттоону электрондук форматта өткөрүү тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоо даярдалды.

2019-жылдын 8-июлунан 18-июлуна чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылдык аймагында Улутстаткомдун, Улутстаткомдун Башкы эсептөө борборунун, Талас жана Ысык-Көл облустарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын адистеринин катышуусу менен эл жана турак жай фондун каттоонун сурамжылоо жыйнактары боюнча мобилдик тиркемеге кошумча тестирлөө жүргүзүлдү.

www.darek.kg Интернет порталы аркылуу КРӨ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын "Кыргыз Республикасынын Даректик регистри" автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу менен Корумду жана Булан-Сөгөттү айылдарында 27 санак участогу түзүлдү.

Эл жана турак жай фондун пилоттук (сынамык) каттоонун жүрүшүндө адистер тарабынан планшеттердин эки түрү жана уюлдук телефону тестирленди жана Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө Талас облусунда эң ыңгайлуу жана оптималдуу вариантын колдонуу болжолдонууда.

 

 

Статистикалык каттоолор бөлүмү   

e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    

тел. + 996 (312) 32 53 36


Акыркы жаңылоо: 23.07.2019, 15:21