Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 11.07.2018


2018-жылдын 11-июлунда КР Биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү.

Ал өз сөзүндө, эл каттоо элдин социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп эсептелээрин белгилеп кетти.

Отурумда КР Улутстаткомунун төрагасы А.Ш. Султановдун маалыматы угулуп ал  КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы токтомуна ылайык эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүлөөрүн, ага 25 миңге жакын каттоо персоналдарын – каттоочулар, регистраторлор, инструкторлор тартылаарын белгиледи. Жалпысынан өлкөнүн аймагында 560 каттоо бөлүмү түзүлөт.  Республикалык бюджеттен 2018-2023-жж. мезгилине каттоонун иш- чараларын финансылык ресурсттар менен камсыздоодо керектөөнүн 17 пайызын түзөт.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Л.А. Текеева Республикалык комиссиянын  талкуусуна  комиссиянын мүчөлөрү тарабынан киргизилген бир катар сунуштарды эсепке алуу менен жалпысынан жактырылган Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай  фондун  каттоодо 2018-2021- жж. министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткара турган негизги иштердин  Календардык планын койду.

Улутстатком тарабынан иштелип чыккан уюштуруу-методологиялык камсыздоо жоболорун сынактан өткөрүү максатында 2019-жылдын март айында пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоосу Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагында өткөрүлөт.

 


Акыркы жаңылоо: 13.07.2018, 11:50