2019-жылдын III кварталында жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 12.10.2019


2019-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү 4839,05 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 4 пайызга, ал эми үстүбүздөгү жылы II кварталына карата 2,1 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн өлкөнүн региондору боюнча карасак, эң жогорку нарктык өлчөм Жалал-Абад, эң төмөнкү Талас облусунда байкалды.

2019-жылдын III кварталындагы территория боюнча жашоо минимуму

Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26 - майындагы №170 «Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 «Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө токтомуна» ылайык жүргүзүлөт.

Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарларынын үлүшү (калк үчүн орточо) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.

Айрым өлкөлөрдөгү жашоо минимумунун чоңдугу
(АКШ доллары менен, улуттук валютанын курсу боюнча)

КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын официалдык сайттарында жайгаштырылган ыкчам маалыматтарга ылайык Жашоо минимумунун эң жогорку мааниси Россияда, эн төмөнкүсү Кыргызстанда байкалды.

 

       ____________________________________________________________________________________________

        Үй чарба статистикасы бөлүмү  |   e-mail:gsamohleb@stat.kg;   тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.10.2019, 10:34