2022-жылдын III кварталындагы жашоо минимуму

Басылмалардын датасы: 14.10.2022


2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча 7 242,09 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5 пайызга өстү. Жашоо минимумунун нарктык өлчөмүнүн өсүшү бардык региондордо белгиленди. Анын эң жогорку нарктык чоңдугу Жалал-Абад облусунда – 7 495 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8 пайызга жогорулады, ал эми эң төмөнкүсү – Талас облусунда 6 584 сом өлчөмүндө түзүлүп, орточо республикалык деңгээлден 12,5 пайызга төмөн болду.

  III кварталдагы аймактар боюнча жашоо минимуму

                           (орто эсеп менен адам башына, айына сом менен)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орточо эсеп менен адам башына, айына сом менен)

 

III квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2021

2022

Бардыгы

6 382,69

7 242,09

113,5

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

7 176,05

8 100,85

112,9

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

7 352,61

8 282,30

112,6

   аялдар

7 118,35

8 027,61

112,8

Пенсионерлер

5 683,09

6 447,23

113,4

Балдар

5 368,77

6 149,98

114,6

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 738,69

5 463,41

115,3

 7ден 14кө чейинки

5 588,76

6 374,01

114,1

 14 -17

6 118,09

6 988,66

114,2

____________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана- чөйрө статистикасы
башкармалыгынын үй чарба статистикасы  бөлүмү     |   e-mail:  nkerimalieva@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 17.10.2022, 15:17