Аялдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө

Басылмалардын датасы: 25.01.2021


2019-жылы республиканын аймагында аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14 % га көп.

2018-жылга салыштырмалуу (аяктаган кылмыш иштери боюнча) адамды уурдоо (2,3 эсеге), зордуктоо (2,1 эсеге)  жана адам сатуу (2 эсеге) учурларынын үлүшү өстү. Ошондой эле, 2019-жылы аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш жана диний ырым-жырымдарды өткөрүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен 11 кылмыш жасалган.

Үй-бүлөлүк (үйүндө) зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго жана сейрек учурларда гана башка мекемелерге кайрылышат. 2019-жылы ушундай мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча жалпысынан 7 818 адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (85 пайызы) аялдар.

2019-жылы кризистик борборлорго 6 687 адам кайрылган. Ошол эле учурда, кайрылгандардын жалпы санынын 90%  аялдар түзөт.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын үчтөн бирин 18-34 жаш курагындагы жаш аялдар түздү, ал эми улуу курактагы аялдар азыраак кайрылышат.

2019-жылы 1 095 адам (18%) - аксакалдар сотуна, 36 адам (0,5%) - кайрымдуулук жана коомдук фонддоруна кайрылышкан. Ошол эле учурда, кризистик борборлорго (90%), аксакалдар сотуна (55%), ошондой эле кайрымдуулук жана коомдук фонддорго (67%) аялдар эркектерге караганда көп кайрылышат.

Кылмыш жасаган адамдардын арасында эркектер басымдуулук кылат. 2019-жылы алардын саны 16 миңден ашык адамды түздү же кылмыш жасаган адамдардын жалпы санынын 83% түздү. Эң жогорку кылмыш ишин жасагандар 29 жаш жана андан жогору жаш курактагы топто, эң төмөнү - 14-17 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында белгиленди.

Жынысы боюнча кылмыш жасаган адамдардын динамикасында карама-каршы тенденциялар белгиленет. Кылмыш жасаган аялдардын үлүшү 2015-жылы 13,4% дан 2019-жылы 17,4% га чейин көбөйгөн, ал эми эркектердин үлүшү, тескерисинче, 86,6% дан 82,6%га чейин азайган.

 ___________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru, e-mail: social-nsc@mail.ru, тел.+996(312) 664040.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.01.2021, 14:40