2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык теңдеми иштелип чыкты

Басылмалардын датасы: 28.12.2022


2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык теңдеми иштелип чыкты. Отун-энергетикалык теңдеми өлкөдө отунду жана энергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу түзүмүн мүнөздөгөн экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйындысын билдирет. Отун-энергетикалык теңдемин иштеп чыгуунун натыйжасында алынган маалыматтар өлкөдө отун жана энергиянын бардык түрлөрүнүн керектөөчү жана өндүрүштүк түзүмүн аныктоого, бүтүндөй жана анын айрым тармактарында, ошондой эле маанилүү багыттар боюнча отундун колдонулуу деңгээлин табууга мүмкүндүк берет.

Отун-энергетикалык теңдеминин маалыматтары өзүнүн кайра иштетилген жана кайра жаралган продуктуларын, анын ичинде экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча жана накталай түрдө алгандагы көмүрдүн, мунайдын, жаратылыш газынын, дизелдик отундун, автоунаа бензининин, күйүүчү мазуттун, электр энергиясынын, жылуулук энергиясынын теңдемин эске алуу менен берилди. Кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин сайтындагы (www.stat.kg) «Басылмалар/Отун энергетикалык теңдем» бөлүгүнөн карасаңыздар болот.

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 28.12.2022, 15:59