Экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын рейтинги түзүлдү

Басылмалардын датасы: 26.09.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2021-жылга карата чарбалык субъектилердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча 21 669 экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын рейтингин түздү. 

Жыйынтыкталган рейтинг  беш көрсөткүч боюнча түзүлдү:

  1. Кызматкерлердин тизмелик саны;
  2. Продукциялардан, товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
  3. Продукцияларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүүдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык ишмердиктен киреше – сатылган товарлардын наркы);
  4. Операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым;
  5. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).

(Файлды жүктөө)  


Акыркы жаңылоо: 27.09.2022, 10:25