Статистиканын байыркы маалыматтары

Басылмалардын датасы: 28.04.2017


Кыргыз Республикасында жыл сайын апрель айынын акыркы дем алыш күнүндө Статистика кунүн белгилөө кабыл алынган.  “Статистика” термини камтыган түшүнүктөр илгертен эле башкача нукта элдин аң-сезиминде орун алып келген жана алардын жашоосунда кадимкидей кенен колдонулуп турган.

Жалпыга белгилүү болгондой, адамзатынын өнүгүү жолунда бардык элдер көчмөндүк жашоо шарттарын басып өткөн. Көчмөндөрдүн жашоосунун айрым жакшы жактары өзүнүн жөнөкөйлүгү менен эми деле көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, кызыгууларды жаратып келет. Биздин заманга чейинки 201-жылдарда эле кытайдын жазууларында айтылуу болгон илгерки кыргыздар бардык элдерде колдонулган математикалык сандарды пайдаланып өзүнүн үй-бүлөсүндөгү адамдардын, ээлик кылган малынын,үй жаныбарларынын, кармап же атып алган жапайы жандыктардын, канаттуулардын санын билип турган. Бул жааттагы башка кызыктуу маалыматтарды mamtil.kg сайтында жайгаштырылган “Менин жерим – Кыргызстан” энциклопедиясынан кенениреек алууга болот. Бүгүнкү күндө бул китеп орус, англис, түрк тилдерине которулуп, кыргыз элинин рухий байлыктары жөнүндөгү маалыматтарды кенен жайылтууга жарап жатат.

Энциклопедия:

Менин жерим Кыргызстан

http://www.mamtil.kg/wp-content/uploads/2017/02/ENCIKLOPEDIYA-kirg.pdf

 


Акыркы жаңылоо: 28.04.2017, 09:29