Кыргызстандын экономикасы 5,6 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 11.06.2019


2019-жылдын январ-майында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 184 миллиард сомго жакынды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-майында, ички дүң продуктунун көлөмү 161 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-майында 104 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 17 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү негизги металлдарды өндүрүүнүн (47,2 пайызга) металл рудаларын казып алуунун (38,2 пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (19,8 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (15,5 пайызга), текстил өндүрүүнүн (8,3 пайызга) өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

 

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта 5,0 пайызды жана дүң жана чекене соодада өсүү 4,4  пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Жыл башынан бери, мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, керектөө баалары жана тарифтери республика боюнча жалпысынан 0,3 пайызга төмөндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулоосу Нарын облусунда (0,6 пайызга), Ысык-Көл облусунда (0,9 пайызга), Баткен облусунда (0,6 пайызга) жана Чүй облусунда (0,6 пайызга) белгиленген. Мунун ичинде, Ош шаарынан жана Талас облусунан башка,  республиканын бардык аймактарында азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга керектөө бааларынын жогорулоосу белгиленген. Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына баалар республиканын бардык аймактарында жогорулаган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январ-апрелинде тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард АКШ долларынан ашыкты түзүп, 2018-жылдын январ-апрелине салыштырмалуу 2,4 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 5,5 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорттук коюулар 7,1 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январ-апрелинде өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 741  миллион АКШ долларынан ашыкты түзүп, 2018-жылдын январ-апрелине салыштырмалуу бир пайызга жогорулаган. Анын ичинде, экспорт 19,8 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорт 8,7 пайызга жогорулаган.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 60,2 пайызды жана Казахстан менен 38,2  пайызды түзгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкынын жакырчылык деңгээли жана калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө жөнүндө маалыматтар берилди.

Презентациялар:

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат.

Кененирээк маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысына кайрылыңыз:

тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

 

Дареги: Фрунзе көч.: 374 (Т. Молдо көчөсү кесилишет).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Акыркы жаңылоо: 25.06.2019, 10:19