Бишкекте өткөн Тегерек стол республиканын алты миллионунчу тургунунун төрөлүшүнө арналды

Басылмалардын датасы: 24.11.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун жана ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын алты миллионунчу тургунунун төрөлү тургандыгы менен байланышкан иш-чаралардын алкагында “Алты миллиондук Кыргызстан. Демографиялык абал жана келечек” аттуу тегерек стол өткөрөт.

Тегерек столду Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева ачып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен өлкөнүн алты миллионунчу тургунунун төрөлүшүн аныктоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөндүгүн белгилеп өттү.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин Аппараттарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө сөз берилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институнун директору Талант Султанов республиканын калкынын санынын 2050-жылга чейинки өсүүсү, ошондой эле жалпы Борбордук Азиянын калкынын саны жөнүндөгү болжолдор менен тааныштырды. Анын айтымында, республиканын калкынын саны 2050-жылга чейин болжолдуу түрдө 11,6 млн. адамды түзөт.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Осмоналиев маалымдап өткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны көбөйүүдө. 1959-жылы өлкөнүн калкынын саны 2 млн. 65 миң адамды түзсө, 2015-жылы 6 млн. адамга жетти. Юбилейлик 6 миллионунчу тургун 2015-жылдын 26-ноябрында же республиканын 5 миллионунчу тургуну төрөлгөндөн 13 жылдан кийин жарык дүйнөгө келет. Жалпысынан айтканда, А.Осмоналиев белгилендей, Кыргыз Республикасынын калкынын саны өсүүнүн жогорку темпи, калктын кеңири көбөйүүсүн камсыздоочу жогорку деңгээлдеги төрөт менен мүнөздөлөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Суюмбаева өз сөзүндө тегерек столдун катышуучуларына балдардын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү, ошондой эле “Ден соолук” саламаттыкты сактоону реформалаштыруунун улуттук программасына ылайык жүргүзүлгөн балдардын саламаттыгын коргоо боюнча иш-чаралар жөнүндө маалымдады. Ошону менен бирге балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү жана алардын себептери, балдардын арасындагы ооруларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар менен тааныштырып өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишев тегерек столдун катышуучуларына Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнүн этаптары, анын мамлекет үчүн артыкчылыктары жана калк үчүн пайдалары тууралуу маалымат берди.

Тегерек столдун аягында ой-пикирлер айтылды.

 

 

Урматтоо менен

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)


Акыркы жаңылоо: 24.11.2015, 16:01