Ундун чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 12 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 27.03.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 25-мартына карата абалы боюнча жогорку сорттогу буудай ундун болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 48,45 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 13,2 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми биринчи сорттогу буудай ундун баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,97 сомду түздү же 10,8 пайызга өстү.

Ошол эле учурда, жогорку сорттогу ундун максималдуу чекене баалары Ош (бир кг үчүн 61,11 сом), Ноокат (бир кг үчүн 56,82 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 55,54 сом), ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 40,10 сом), Өзгөн (бир кг үчүн 42,99 сом) шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 43,00 сом) катталды.

Ноокат (бир кг үчүн 46,61 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 45,00 сом) жана Токтогул (бир кг үчүн 45,00 сом) шаарларында биринчи сорттогу ундун болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 34,73 сом), Нарын (бир кг үчүн 35,91 сом) шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 36,00 сом) байкалды.

Жогорку сорттогу ундун эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Покровка айылында - 1,4 эсеге, Чаек айылында - 1,2 эсеге, Жалал-Абад шаарында  - 16,4 пайызга, Токтогул шаарында - 8,9 пайызга, ал эми биринчи сорттогу унга Чаек айылында - 24,1 пайызга, Балыкчы шаарында - 18,4 пайызга жана Исфана шаарында - 15,2 пайызга өскөнү катталды.

  Кыргыз Республикасынын айрым калктуу конуштарында  ундун   орточо чекене баалары 25 мартына

      (бир кг, сом)

 

Жогорку сорттогу буудай уну

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Биринчи сорттогу буудай уну

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2021

2021

Кыргыз Республикасы

42,81

48,45

5,64

35,18

38,97

3,79

 Каракол ш.

46,61

52,00

5,39

35,95

37,98

2,03

 Балыкчы ш.

49,35

55,54

6,19

38,00

45,00

7,00

 Кербен ш.

40,10

40,10

0,00

35,55

36,00

0,45

 Токтогул ш.

41,12

44,78

3,66

42,00

45,00

3,00

 Жалал-Абад ш.

45,38

52,81

7,43

37,03

39,13

2,10

 Чаек а., Жумгал району

36,00

43,00

7,00

29,00

36,00

7,00

 Нарын ш.

43,90

43,98

0,08

35,88

35,91

0,03

  Исфана ш.

48,57

48,99

0,42

35,78

41,23

5,45

 Баткен ш.

47,11

48,32

1,21

37,99

38,41

0,42

  Кара-Суу ш.

49,97

51,10

1,13

40,81

44,61

3,80

 Ноокат ш.

51,82

56,82

5,00

48,21

46,61

-1,60

  Өзген ш.

39,42

42,99

3,57

30,24

34,73

4,49

  Покровка а., Манас району

35,78

50,00

14,22

36,66

39,14

2,48

 Талас ш.

44,25

49,81

5,56

37,78

37,53

-0,25

  Кара-Балта

43,22

45,71

2,49

34,52

39,30

4,78

  Токмок ш.

50,31

49,75

-0,56

41,38

42,07

0,69

  Бишкек ш.

39,80

45,36

5,56

33,86

38,49

4,63

  Ош ш.

50,22

61,11

30,05

35,80

38,91

30,05

 


          __________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 27.03.2021, 13:06