Эттин чекене баасы бир жылдын ичинде орточо дээрлик 36 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 15.07.2021


Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары үстүбүздөгү жылдын 14-июлуна карата абалы боюнча уйдун этине болгон баалар республика боюнча 1 кг үчүн орточо 464,76 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3 пайызга өскөнүн, ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 488,47 сомду түзгөнүн же  2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 41,1 пайызга өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, уйдун этине максималдуу чекене баалар Жалал-Абад (бир кг үчүн 496,23 сом), Нарын (бир кг үчүн 484,64 сом), Ош (бир кг үчүн 482,03 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 425,93 сом), Баткен (бир кг үчүн 433,27 сом) жана Исфана (бир кг үчүн 434,97)  шаарларында катталды.

Койдун этинин чекене баалары Кара-Суу (бир кг үчүн 527,98 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 525,98 сом) жана Ош (бир кг үчүн 509,44 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 422,98 сом), ошондой эле Кара-Балта (бир кг үчүн 447,65 сом) жана Каракол (бир кг үчүн 448,49 сом) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу  уйдун этине болгон баалардын олуттуу өсүшү Жалал-Абад, Ноокат жана  Өзгөн шаарларында катталды.  Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү  Кара-Суу, Жалал-Абад жана Токмок шаарларында катталды.

 

  14-июлуна карата Кыргыз Республикасы боюнча этке карата орточо керектөө баалары 

      (бир кг, сом)

 

Уйдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Койдун эти

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

356,77

464,76

108,0

346,09

488,47

142,37

Каракол ш.

334,96

447,71

112,8

317,47

448,49

131,02

Балыкчы ш.

370,00

453,97

84,0

360,00

473,97

113,97

Кербен ш.

350,00

460,00

110,0

350,00

480,00

130,00

Токтогул ш.

350,00

440,00

90,0

350,00

460,00

110,00

Жалал-Абад ш.

360,00

496,23

136,2

360,00

525,98

165,98

Чаек а., Жумгал району

350,00

456,85

106,8

350,00

457,18

107,18

Нарын ш.

360,00

484,64

124,6

360,00

494,28

134,28

Исфана ш.

334,96

434,97

100,0

350,00

500,00

150,00

Баткен ш.

350,00

433,27

83,3

350,00

500,00

150,00

Кара-Суу ш.

360,00

481,98

122,0

360,00

527,98

167,98

Ноокат ш.

330,00

450,00

120,0

350,00

500,00

150,00

Өзген ш.

350,00

471,98

122,0

360,00

500,00

140,00

Покровка а., Манас району

340,00

425,93

85,9

340,00

422,98

82,98

Талас ш.

368,59

451,39

82,8

364,89

490,00

125,11

Кара-Балта

344,24

447,65

103,4

344,24

447,65

103,41

Токмок ш.

341,66

440,00

98,3

332,47

482,95

150,48

Бишкек ш.

360,13

464,83

104,7

342,42

485,33

142,91

Ош ш.

362,47

482,03

119,6

364,97

509,44

144,48

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 15.07.2021, 16:40