Күн карама менен пахта майынын чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 1,6 эсеге жогорулады

Басылмалардын датасы: 19.03.2021


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча күн карама жана пахта майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 18-мартына карата абалы боюнча күн карама майына болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 164,78 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөнүн көрсөттү, ал эми пахта майынын баасы 153,17 сомду түздү жана 1,5 эсеге өстү.

Ошол эле учурда, күн карама майынын чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн жогору болуп Нарын (бир кг үчүн 168,38 сом), Бишкек (бир кг үчүн 167,42 сом), Каракол (бир кг үчүн 167,37 сом), Ош (бир кг үчүн 166,62 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 165,55 сом), Токмок (бир кг үчүн 165,30 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 147,27 сом), Кара-Балта (бир кг үчүн 147,81 сом), Кербен жана Ноокат (бир кг үчүн 152,17 сом) шаарларында катталды.

Күн карама майынын бааларынын эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Чаек айылында жана Токтогул, Жалал-Абад, Каракол, Токмок шаарларында 1,8 эсеге өскөнү катталды.

Чаек айылында (бир кг үчүн 167,27 сом), Токмок (бир кг үчүн 157,59 сом), Бишкек (бир кг үчүн 156,22 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 155,32 сом), Исфана (бир кг үчүн 154,06 сом) шаарларында пахта майынын болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми минималдуу баалар Кербен  (бир кг үчүн 95,00 сом), Талас (бир кг үчүн 133,64 сом), Баткен (бир кг үчүн 136,42 сом), Өзгөн (бир кг үчүн 136,68 сом) шаарларында жана Покровка айылында (бир кг үчүн 136,89 сом) байкалды.

Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу пахта майынын бааларынын максималдуу өсүшү Чаек айылында жана Покровка айылында алар 1,7 эсеге өскөнү катталып, ошондой эле Жалал-Абад, Токтогул, Токмок, Исфана шаарларында - 1,6 эсеге жогорулаган.

   Айрым калктуу конуштарында  күн карама жана пахта майынын орточо чекене баалары

      (бир кг, сом)

 

Күн карама майы

18 мартына

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Пахта майы

18 мартына

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2021

2021

Кыргыз Республикасы

96,29

164,78

68,48

100,88

153,17

52,29

 Каракол ш.

93,73

167,37

73,64

106,09

150,21

44,12

 Балыкчы ш.

92,49

160,94

68,45

0,00

0,00

0,00

 Кербен ш.

96,90

152,17

55,28

85,00

95,00

10,00

 Токтогул ш.

86,82

159,39

72,56

93,36

152,17

58,81

 Жалал-Абад ш.

89,77

161,18

71,41

94,61

155,32

60,71

 Чаек а., Жумгал району

91,53

164,55

73,02

99,09

167,27

68,19

 Нарын ш.

103,09

168,38

65,28

0,00

0,00

0,00

  Исфана ш.

87,92

156,39

68,47

95,88

154,06

58,18

 Баткен ш.

103,12

159,34

56,22

88,55

136,42

47,87

  Кара-Суу ш.

100,23

165,55

65,31

97,83

148,86

51,04

 Ноокат ш.

95,03

152,17

57,15

97,83

149,27

51,44

  Өзген ш.

92,39

147,27

54,88

97,83

136,68

38,85

  Покровка а., Манас району

88,73

153,96

65,23

81,63

136,89

55,26

 Талас ш.

96,71

160,58

63,86

91,89

133,64

41,76

  Кара-Балта

92,10

147,81

55,72

128,26

144,79

16,53

  Токмок ш.

92,62

165,30

72,68

96,28

157,59

61,31

  Бишкек ш.

97,44

167,42

69,98

101,90

156,22

54,32

  Ош ш.

100,51

166,62

66,11

99,08

152,03

52,95

0,00 - Товардын рынокто убактылуу жок болусу
         

 

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 19.03.2021, 14:35