10-декабрдан 25-декабрга чейин, республиканын аймактарында малдарды жана үй канаттууларын эсептөө жүргүзүлөт

Басылмалардын датасы: 05.12.2016


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, 2016-жылга карата Статистикалык иштердин Программасын аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы менен үстүбүздөгү жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин, 2016-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймактарында малдарды жана үй канаттууларын эсептөө жүргүзүлөт.

Бул эсептөөлөр жылсайын негизде өткөрүлүп, анын негизги максаты, жарандардын менчик үй-чарабаларын кошо, чарбалардын бардык категорияларында малдардын жана үй канаттууларынын баштарынын фактылык эсеби, курамы жана структуралык өзгөрүүлөрү жөнүндө такталган жана объективдүү маалыматтарды алуу болуп эсептелет.

Азыркы мезгилде, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен, жер-жерлерде малдарды жана үй канаттуууларын эсептөө жөнүндө чечимдер жана буйруктар чыгарылып, даярдыктын жүрүшүн жана эсептөө өткөрүүнү көзөмөлгө алуу үчүн, аймактык комиссиялар түзүлдү. Улуттук статистикалык комитеттин аймактык органдарынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусунда Республиканын аймактарында бул масштабдуу иш-чарага жооптуу кызматкерлерди  окутуучу, үйрөтүүчү жыйындар өткөрүлүүдө.

____________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын

 айыл чарба статистикасы бөлүмү

e-mail:gmursabekova@stat.kg; тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.12.2016, 16:18