Ушул жылдын башынын бери кумшекер жана өсүмдүк майлары эң көп кымбаттады

Басылмалардын датасы: 24.11.2020


Үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, чеснокко - 1,6 эсеге, кумшекерге - 27,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 25,0 пайызга, быйылкы жаѕы бышкан жемиштерге - 16,9 пайызга, гречиха акшагына - 16,0 пайызга, жаѕы союлган этке - 15,9 пайызга, унга - 15,6 пайызга, картошкага - 15,1 пайызга, макарон азыктарына  - 15,0 пайызга, тооктун жумурткасына - 7,1 пайызга, накта балга - 5,8 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 5,3 пайызга, катуу сырларга - 4,4 пайызга жана күрүчкө - 4,0 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди.

Ошол эле убакта үстүбүздөгү жылдын башынан бери быйылкы жаңы бышкан жашылчалардын (21,8 пайызга), таруунун (7,0 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (6,6 пайызга), тоңдурулган балыктын (6,1 пайызга), туздалган сельддин (1,9 пайызга), майсыз быштактын (1,7 пайызга) баалары олуттуу төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 4,0 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына 17,9 пайызга, малдын тоңмайлары жана өсүмдүк майларына - 14,5 пайызга, кумшекерге - 12,4 пайызга, картошкага - 7,1 пайызга, койдун этине - 6,3 пайызга, уйдун этине - 6,1 пайызга, тооктун жумурткасына - 5,3 пайызга, накта балга - 4,8 пайызга, куюп сатылуучу пастеризацияланбаган сүткө - 2,8 пайызга, кара байха чайына - 1,6 пайызга, вермишель, кесмеге - 1,6 пайызга, минералдык сууга - 1,5 пайызга жана биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанга - 1,2 пайызга жогорулады.

Муну менен катар, үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу лимондун (2,1 пайызга), таруунун (1,3 пайызга), гречиха акшагынын (1,1 пайызга), ээригич накта кофенин (0,3 пайызга) жана ак (каймак) май балмуздакка (0,2 пайызга) бааларынын төмөндөгөнү белгиленди.

 

_______________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 24.11.2020, 16:47