Бүгүн Жеңил өнөр-жай кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 08.06.2017


Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр-жайы үч негизги түрлөр менен көрсөтүлгөн: - текстилдик өндүрүш, кийим тигүү, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүү, бут кийим өндүрүү. Анын үлүшүнө 30 пайызга чейинки өнөр жай кызматкерлеринин саны жана 3 пайыз өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү туура келет.

СССР убагында Кыргызстанда 30га жакын ири жеңил өнөр жай ишканалары иштеген, алардын ичинде: Фрунзе трикотаждык фабрикасы жана Камволдук-кездеме комбинаты, Каракол, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы кийим жана бут кийим фабрикалары, Оштогу пахта кездемелерин өндүрүүчү бирикме, Токмоктогу жүндү алгач иштетүү фабрикасы, «Чолпон» бут кийим фирмасы (Фрунзе ш.), Кызыл-Кыя ш. бут кийим фабрикасы, Васильев атындагы трикотаждык фабрика жана башкалар.

Советтер Союзунун тарашы менен гигант-ишканалар начарлоого туш болушту. Жабдуулар жана башка активдер сатылып кеткен, өндүрүштү кайра уюмдаштырышкан же жаап салышкан. Бирок,  улам темп менен өсүп жаткан базар экономикасы бул тармак үчүн экинчи мүмкүндүк берди. Кыргыз чеберлеринин бай тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүк деңгээли жаңы шарттарда кереги тийди - жаңыдан чакан ишканалар ачыла баштады. Бат эле кирешелүү бизнес жаңы инвесторлорду жана жеке ишкерлерди өзүнө тарта баштады. Жеңил өнөр жайынын орто жана кичи цехтеринин саны бат эле өсө баштады.

2011-2012-жж. жеңил өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн бир кыйла өсүшү байкалган (49,3 жана 34,2 пайызга тиешелүү түрдө). Ошону менен бирге, негизинен, ата мекендик чийки заттардын (пахта талааларынын аянтынын азайышы жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, чийки заттар менен камсыз кылуудагы кыйынчылыктар) жана сатуу рынокторунун жетишсиздиги менен шартталган, жеңил өнөр жай ишканаларында продукцияны чыгаруу көлөмү акыркы жылдары төмөндөгөнү байкалат,

Бүгүн, Кыргызстандын жеңил өнөр жайы калкты жогорку деңгээлде иш менен камсыздап, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Азыркы убакта жеңил өнөр жайы кичи жана орто ишканалар түрүндө көрсөтүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча 2016-ж. чакан ишканалар тарабынан өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн 59,6 пайызы, орто ишканалар тарабынан 40,4 пайызы өндүрүлгөн. £ндүрүш негизинен Чүй облусунда, Бишкек шаарында жана Ош шаарында топтолгон. Ишканалар товарлардын кеңири түрлөрүн чыгарып жатышат. Ошентип 2017-ж. январь-апрель айларында тармактык ишканалар тарабынан 3081,1миң даана - аялдардын тышкы кийими, 379,6 миң даана - эркектердин кийими, 24,7 миң даана - свитерлер, джемперлер,               1,5 млн.түгөй - байпак буюмдары,651,5 миң түгөй - бут кийим өндүрүлгөн. Чүй облусунда 2017-ж. «Текстиль-Транс» ЖЧКдун филиалы тарабынан 276 миң кв.метр пахтадан жасалган кездемелери чыгарылган.

         Кыргызстанда ошондой эле, көп эмес көлөмдө шырдактарды, туш-кийиздерди, кыргыздын улуттук кийимдерин жана бут кийимдерин, булгаарыдан жасалуучу буюмдарды жана улуттук орнаменти менен идиш-аяктарды, сувенирлерди ж.б.  элдик көркөм өнөр жана жыгач-устачылык кесиптин буюмдарын өндүрүүчү чакан ишканалар иштеп келе жатат. 


Акыркы жаңылоо: 08.06.2017, 13:53