Аялдар жана эркектер арасында үй-бүлөлүк зомбулук

Басылмалардын датасы: 14.12.2021


2020-жылы калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү кризистик борборлорго жана башка адистештирилген мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 10 миӊге жакын адам кайрылган, алардын көпчүлүгү (86 пайызы) аялдар.

Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кризистик борборлорго, аксакалдар сотторуна жана башка адистештирилген мекемелерге кайрылган аялдардын жана эркектердин саны

2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын көпчүлүгү (37 пайызы) 18-34 жаштагы жаш аялдар түздү. Мындан айырмаланып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жана жардам сурап кайрылган эркектердин курагы курактык топтор боюнча бир калыпта бөлүштүрүлгөн. Бирок, 50 жана андан улуу жаштагы эркектер бул курактагы аялдарга караганда 2 эсе көп үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан.

Берилген убактылуу коргоо ордерлеринин саны

Кыргыз Республикасынын ИИМнин маалыматтары боюнча, 2020-жылы үй бүлөлүк зомбулуктун фактылары боюнча 8,6 миң убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга көп. Мындай көп өлчөмдөгү  өсүш, ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына көңүл буруусуна, участкалык ыйгарым укуктуу милициянын коргоо ордерлерин берүүдө жүргүзгөн иш-аракеттеринин жакшыруусуна, мындай фактыларды ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо критерийлерине киргизүүгө байланыштуу болгон, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын учурунда үй-бүлөлөрдөгү социалдык чыңалуунун күчөшү менен шартталган.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча козголгон жана сотко
жөнөтүлгөн жазык иштеринин саны

Эгерде 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча козголгон жана сотторго кароого жиберилген жазык иштеринин саны 2016-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйсө, 2019-жылга салыштырмалуу, тескерисинче, 1,9 эсеге төмөндөгөн.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен пайда болгон оорулар (жаракаттар) менен жабыркап дарылангандардын саны 2019-жылдагы 1 425 адамдан 2020-жылы 1 085 же 24 пайызга төмөндөгөн.2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан улам дарыланган аялдардын саны эркектер арасындагы ушундай эле көрсөткүчтөн 2,8 эсеге көп болгон.

2020-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча саламаттык сактоо  органдарына кайрылган аялдардын жана эркектердин саны

2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан жоруктар боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык, соттордун өкүмдөрү боюнча соттолгон аялдардын жана эркектердин саны

_______________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru
тел.+996(312) 664040

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.12.2021, 14:20