Канча кыргызстандык кедейчиликтин чегинде жана анын тегерегинде жашайт

Басылмалардын датасы: 12.06.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2018-жылы кыргызстандыктардын 22,4 пайызы же калктын 1 млн. 429 миң адамы кедейчиликте, анын ичинен 35 миңи өтө кедейчилик чегинде жашаган.

 

         Кедейчиликтин деңгээлин эсептөө үчүн ал калктын тике кирешесине жараша боло турган керектөөчүлүк наркы колдонулат. Жалпы кирешелердин 11,7 пайызы калктын Кыргыз Республикасынан тышкары жүргүзгөн эмгек ишмердигине туура келет, бул да кедейчиликтин деңгээлинин төмөндөшүнө салымын кошо тургандыгын белгилей кетүүгө болот.

         Керектөө наркынан эмгек мигранттарынын кирешелерин чыгарып салсак, кедейчликтин деңгээли республика боюнча орточо 22,4 пайыздан 32,2 пайызга чейин өсө тургандыгын эксперименталдык эсептөөлөр көрсөтүп турат.

 

         Мурдагыдай эле, эң кедей жашаган элдин жыштыгы жогору бойдон калууда. 2018-жылы кедейлердин катарына киргизилген 1,4 миллион кыргызстандыктардын катарына 8,0 пайызы же 508 миң адам кедейчилик коркунучу бар аймакта жашаган (кедейчиликтин деңгээлине плюс/минус 5%). (Кененирээк...)

 

________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгы     

Үй чарба статистикасы бөлүмү                  

 

| e-mail:NKerimalieva@stat.kg;  |  тел. + 996 (312)  324691

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 12.06.2019, 11:57