Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 02.12.2016


2016-жылдын январь-сентябрында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2015-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 16,6 пайызга  кыскарып, 535,3 млн. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (дээрлик 93 пайызы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) багытталды. Муну менен бирге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган инвестициялардын көлөмү 2,3 эсеге көбөйдү, ал эми геологиялык чалгындоого, тескерисинче – 1,7 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 21 пайызга,  электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) – 19,7 пайызга  төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – түшүү көлөмү 8,1 эсеге өскөн Кытай болуп эсептелди. Муну менен катар, Улуу Британиядан, Канададан жана Туркиядан түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү олуттуу кыскарды, бул жалпысынан КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестициялардын төмөндөшүн шарттады.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 1,5 эсеге өскөн, мында Россия (түшүү көлөмү 2 эсеге өскөн) жана Казакстан (түшүү көлөмү 8,8 пайызга өскөн) негизги инвесторлор болуп саналышты. Муну менен бирге, Беларустан түшкөн тике инвестициялардын  көлөмү олуттуу кыскарды.

____________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 05.12.2016, 16:12