КР Улутстаткомунун төрагасынын Кыргызстандагы БУУ Аялдар түзүмүнүн өкүлү менен жолугушуусу болду

Басылмалардын датасы: 02.09.2022


2022-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Кыргызстандагы БУУ Аялдар Түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гендердик статистиканы өнүктүрүү жана Борбор Азия өлкөлөрү арасынан жалгыз өлкө катары Кыргызстан тандалып алынган “Ар бир аял жана кыз маанилүү” БУУ-Аялдар Глобалдуу программасынын 2-чи фазасынын алкагындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Бактыбек Кудайбергенов өз сөзүндө Улутстатком Туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдуу жана улуттук көрсөткүчтөрү үчүн маалыматтарды чогултуу, ошондой эле гендердик-бөлүштүрүлгөн  көрсөткүчтөрдү өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди. Гендер – Туруктуу өнүгүү максаттарынын өтмө суроосу болуп, 2030 Күн тартибинин бардык 17 максаттарын камтыйт.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү Улзийсурен Жамсран 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү жаатында Күн тартибинин киргизилишиндеги Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттерин аткаруудагы жемиштүү кызматташтык үчүн, айрыкча, гендердик теңчилик жана аялдар менен кыздардын өлкөдөгү ордун жогорулатууну байкоо жаатындагы статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө жана ал маалыматтардын сапатын жакшыртууга жасалган аракеттер үчүн өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар статистиканы жана анын потенциалын жогорулатууга багытталган кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

              

              

             

 

 


Акыркы жаңылоо: 02.09.2022, 14:56