Президент Садыр Жапаров Улутстаткомдун Төрагасы Самат Насирдиновду кабыл алды

Басылмалардын датасы: 26.03.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 26-мартында Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Самат Насирдинов Президент Садыр Жапаров менен жолугушту.  

Улутстаткомдун Төрагасы Самат Насирдинов Улутстаткомдун 2020-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2021-жылга карата милдеттери жөнүндө айтып берди. Айтымында Улутстатком электрондук отчеттуулукка өтүүгө чоң көңүл буруп, 2020-жылдын ичинде «Статистика» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылды.

“Азыркы учурда, статистикалык отчеттуулуктун 109 формасы же алардын жалпы көлөмүнүн 40 пайызына жакыны электрондук түрдө чогултулат”, - деди Улутстаткомдун Төрагасы.

Мындан тышкары статистикалык системаны жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

“Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Дүйнөлүк Банктын «Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо» долбоору (35 млн АКШ доллар суммасында) ратификациялаган. Аны иштетүү мөөнөтү 2021-жылдан 2025-жылга чейин пландаштырылган. Аткаруучу органдар Мамлекеттик салык кызматы жана Улутстатком болуп саналат. Улутстаткомго тийиштүү бөлүгүндө сапаттуу расмий статистикалык маалыматтарды өндүрүү жана жайылтуу үчүн маалыматтык технологиялардын инфраструктурасын өркүндөтүү максаты коюлган” – деди Төрага.  

Мамлекет башчы Улутстаткомду институционалдык жактан өнүктүрүүгө багытталган Улуттук Банктын долбоорунун орду чоң экенин белгилеп, мекемедеги бизнес-процесстер менен техникалык потенциал менен инфраструктураны күчтөндүрүү керектигин айтып өттү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров эл жана турак жай каттоо маселесине токтолуп, бул жылы пландалып жаткан иш чарага сапаттуу даярдык көрүп, өлкөдөгү эпидемиялогиялык абалды эске алууну тапшырды.

 

 

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


Акыркы жаңылоо: 26.03.2021, 17:48