“Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуулар өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 30.10.2018


2018-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминовдун жана Б.Турусбековдун демилгелери менен, “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуулар өткөрүлдү.

Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө  байкоо жүргүзүү үчүн биринчи кезектеги мааниге ээ. Расмий статистика чыныгы маалыматтардын негизинде саясий чечим кабыл алуу үчүн негизги инструмент болуп эсептелет, ошондой эле экономикалык жана социалдык реформалар процессинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү курал болуп саналган расмий статистиканын сапатын жана ишенимдүүлүгүн көтөрүүгө багытталган жана саясий чечимдерди кабыл алуучу жактарга керектүү стратегияларды иштеп чыгууга, өз ишинин натыйжасына мониторинг жүргүзүүгө жана аны объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.

2011-жылы Улуттук статистика комитетинин өтүнүчү боюнча, Европа Эркин Соода Ассоциациясы жана Европа статистика комитети үчүн, БУУнун Экономикалык комиссиясынын эксперттери Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасына глобалдык баалоо жүргүзгөн. Глобалдык баалоонун эксперттеринин сунуштары боюнча биринчи кезекте мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү белгиленген.

Статкомитеттен жана башка маалыматты өндүрүүчүлөрдөн, маалыматтар менен иштөөдө, 10 негизтүзүүчү принциптерди карманууну кынтыксыз аткаруу талап кылынат. Бул принциптер БУУнун адистери тарабынан иштелип чыккан. 2014-жылдын январ айында БУУнун Генералдык Ассамблеясы Фундаменталдык принциптерди кабыл алып, конструктивдүү чечимдерди кабыл алуудагы расмий статистиканын эң маанилүү ролун белгиледи.

Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Улуттук статистика системасынын глобалдык баалоолорунун жыйынтыктарынын натыйжасында, БУУнун демилгеси менен Статистика жөнүндө моделдик мыйзам иштелип чыгып, бул модель аталган өлкөлөргө Улуттук статистика системасынын ишенимдүү укуктук базасын иштеп чыгуу жана жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү үчүн айкын негизди камсыз кылуучу модель катары сунушталган. 

Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө" Мыйзамынын жаңы басылмасы Типтүү мыйзамга ылайыктуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн жана талартарын эске алуу менен  иштелип чыккан.

Мыйзам долбоору расмий статистика тармагында БУУнун фундаменталдык принциптерине жана эл аралык деңгээлде кабыл алынган статистикалык стандарттарга жана жолдомлорго ылайыкташтыруу жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, статистикалык өндүрүү процессин интеграциялоо, чыгарылуучу маалыматтардын сапатын жана алардын колдонуучуларынын ишенимин көтөрүү, ошондой эле статистикалык интеллектуалдык потенциалды күчөтүү үчүн алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды ишке киргизүү зарылчылыктарына багытталган.

Мыйзам долбоорундагы негизги жаңы киргизүүлөр: расмий статистиканын жаңы системасы, БУУнун статистика жаатындагыфундаменталдык принциптери, Улутстаткомдун ачык саясаты, Статистика боюнча кеңештин ишине жарандык коомду тартуу.

Мыйзам долбоору, ошондой эле, статистикалык максаттардагы маалыматтарды  бере турган респонденттердин милдеттерин аныктайт, алардын укуктарын коргоону жана купуя маалыматтарды коргоого кепилдик берет. Мыйзам долбоору административдик маалыматтардын булактарына улуттук статистикалык башкармалыктардын жеткилигин жана маалыматтардын статистикалык максаттарда колдонуусун жөнгө салат.  

Мыйзам төмөндөгүдөй негизги элементтерди камтыйт:

• административдикмаалыматтан айырмаланып, расмий статистиканы аныктоону;

• расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн ар кайсы типтерин аныктоо жана белгилөөнү;

• расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн кесиптик көз карандысыз уюмдарынынжана уюштуруучулук бирдиктерининпринцибин;

• өлкөдө расмий статистиканы негизги өндүрүүчү жана расмий статистика системасынын координатору катары Улуттук статистика комитетинин ролун;

• пайдалануучулардын болгон жана жарала турган керектөөлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүү менен ыкчам жана стратегиялык пландоону;

• маалыматтарды чогултуу жана административдик маалыматтардын булактарына жана башка маалыматтарга жетүү боюнча ыйгарым укуктарды;

• купуялуу статистикалыкмаалыматтар менен иштөө принциптерин жана жол-жоболорун;

• пайдалануучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен сапатын башкарууну;

• пайдалануучулардын бардык тийиштүү топторунун арасында  расмий статистиканы жайылтуу принциптерин камтыйт.

Иш-чара, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттин, Өкмөттүн Аппараттарынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, коомучулуктун өкүлдөрүнүн жана мыйзам долбоорун иштеп чыгууда консултациялык колдоо көрсөтүүчү, эл аралык эксперттердин катышуусу менен болуп өттү.

Маалымдама: Азыркы мезгилде Улутстатком жылына 3,7 миллиард баштапкы көрсөткүчтөрдү иштеп чыгат, 24 миң статистикалык иштерди аткарат, 350 статистикалык жыйнактарды жана басылмаларды жана 900 экспресс маалмыттарды чыгарат.

ЕАЭБ менен кызматташтыктын чегинде, Евразиялык экономикалык комиссиянын Программасына ылайык, 487 статистикалык иштерди аткарат.

КМШ Статкомитети менен кызматташтыктын чегинде, КМШ Статкомитетинин иштеринин Программасына ылайык, 600 статистикалык иштерди аткарат.

“Улуттук статистика комитети ачык маалыматтар порталында жарыялаган 2016-жылдагы статистикалык маалматтары үчүн, “Ачык маалыматтарды инвентаризациялоо” (Open Data Inventory ODIN)дүйнөлүк рейтингдин жыйынтыктары боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунду, ал эми дүйнөнүн 173 өлкөсүнүн ичинен 33-орунду ээледи. Мунун ичинде, экономикалык статистиканы мүнөздөөчү Кыргызстандын статистикалык маалыматтарынын үлүшүнө 57 пайыз туура келет, ошол эле мезгилде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн үлүшүнө жалпысынан 48 пайыз, курчап турган чөйрө боюнча маалыматтардын үлүшүнө 30 пайызга каршы 55 пайыз жана социалдык статистика боюнча маалыматтардын үлүшүнө 42 пайызга каршы 54 пайыз туура келет.

 

 


Акыркы жаңылоо: 01.11.2018, 10:05