БУУнун маалыматтар боюнча Дүйнөлүк форум болуп өттү

Басылмалардын датасы: 23.10.2020


19-октябрдан 21-октябрга чейин маалыматтар боюнча БУУнун Бүткүл дүйнөлүк форуму болуп өттү, ал статистика жана маалымат жүргүзүүчүлөрдү, колдонуучуларды, анын ичинде өкмөттөрдү, жарандык коомду, жеке секторду, донордук уюмдарды, эл аралык жана аймактык мекемелерди, геомейкиндиктик коомчулукту, жалпы маалымат каражаттарын жана 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатында Күн тартибин ишке киргизүүнү колдоо үчүн маалыматтар менен иштеген бүткүл дүйнө жүзүндөгү илимий чөйрөлөрдү бириктирүүгө чакырылды.

Бүткүл дүйнөлүк статистика күнүнө карата 20-октябрда маалыматтар боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Форум аянтында "Кеңири аудиторияны камтууга карата Улуттук статистика башкармалыктарынын жаңы ыкмалары" деген темада онлайн-конференция болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлү Назира Керималиева – Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын башчысы сөз сүйлөдү, анда статистикалык маалыматтарды жайылтууда ар кандай колдонуучулардын топтору жана куралдары менен Кыргызстандын өз ара аракеттенүүсү тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан тышкары, ал Улутстатком тарабынан Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы Улуттук отчеттуулук платформасынын иштелип чыгышы тууралуу конференциянын катышуучуларына маалымат берди. Конференцияга Палестина, Гана жана Эфиопиянын өкүлдөрү да чыгып сүйлөштү.

Англис тилиндеги ушул онлайн-конференция тууралуу кененирээк таанышуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча жете аласыз: https://ve.attendify.com/index/e19y30/s_e19y30/schedule/9s8hZGmVxqIwYG08F0/9tKuL7bYxk8T8iaRBM

 

________________________________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы |e-mail: sdg_nsc@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324691

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.10.2020, 17:09