2019-жылдын январь-сентябрында калкка микрокредиттерди берүү рыногунун абалы

Басылмалардын датасы: 15.11.2019


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 22 млрд. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 460 миң адамга жакынды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 35 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 32,8 пайызга көбөйдү.

1-график: Январь-сентябрда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,0 пайызы), Бишкек ш. (19,1 пайызы), Жалал-Абад (14,1 пайызы) жана Чүй облустарынын (13,9 пайызы) алуучуларына берилген.

1-таблица: Январь-сентябрда аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,
миллион сом

Алуучулардын саны,
миң адам

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

2018

2019

2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

969,6

1 451,2

149,7

28,3

42,9

151,8

Жалал-Абад облусу

2 241,4

3 094,6

138,1

56,1

82,5

147,0

Ысык-Көл облусу

1 850,1

2 435,0

131,6

38,0

50,0

131,4

Нарын облусу

1 250,4

1 590,9

127,2

29,0

35,5

122,4

Ош облусу

3 391,5

4 620,9

136,2

76,7

106,1

138,4

Талас облусу

446,2

651,7

146,1

11,6

17,2

148,6

Чүй облусу

2 511,5

3 050,2

121,4

45,0

54,4

120,8

Бишкек ш.

3 215,4

4 196,3

130,5

42,4

54,6

128,8

Ош ш.

693,9

911,9

131,4

13,5

16,5

122,6

 

2019-жылдын 9 айында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,8 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,5 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 12,7 пайызы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

2-график: Январь-сентябрдагы калкка максаттар боюнча микрокредиттердин берилиши  
  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

 

Микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли 2019-жылдын январь-сентябрында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,7 пайыздык пунктка азайып, 93,5 пайызды түздү.  

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.11.2019, 17:40